Аталар да алимент алууга укуктуу

Эксперттер бүгүнкү күндө эркектерге карата да тенсиздик коомдо бар экенин билдирип келишет. Биз айтып жаткан алимент маселесинде дагы бала энеси менен калган учурда алимент өндүрүлгөн учурлар басымдуу болуп, бирок баланы атасы багып калган учурда аялы алимент төлөгөн учурлар дээрлик жокко эсе.

      Аталар да алимент алууга укуктуу, сюжет Суусамыр фм

Continue reading

Аудио: Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы?

Учурда жылы бою байма- бай болуп келген тойлорго эл кандай мамиле жасап калды?
Айрыкча күз мезгилиндеги тынымсыз келген чакыруу билеттер, чакыруу колуна тийген ар бир адамдын реакциясы, ой-жүгүртүүсү, тойго даярданып баруусу жана албетте, канча кошумча беришим керек деген санаасы ар бир конокко маалым болушу керек.
Тойлорго жумшалган ашыкча каражаттар, тамак-аштар жана куру намыс үчүн карызга батуу. Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы?
«Таберик» кыргызча аудио подкастынын биринчи чыгарылышы кыргыз тойлору тууралуу даярдалды.
Ушул теманы ачып берүүдө тамада, чыгармачыл инсан, ырчы жана төкмө акын Талант Асаналиев маек курду. Подкастты даярдаган Айзада Калканбекова.
Толугу менен төмөндө уга аласыз. Бөлүшүп жана пикир калтырууну унутпаңыз.

«Таберик» подкасты «Сорос- Кыргызстан» фондунун колдоосу менен даярдалды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Каада-салтты талкуулаган «Таберик» подкасты чыга баштады

Кыргыз элинде ата- бабалардан таберик катары калган салт- санаалар учурда кандай нукка бурулуп, өзгөрүүгө дуушар болуп жатат. Жылы бою биринин артынан бири кафе- ресторандарда өткөрүлгөн тойлордон эл тажадыбы? Бирок тажаганы менен аргасыз барууга тийиш, анткени “алмайдын бермейи бар” деген сөз бар. Кимге канча кошумча кошуп, канча жолу тоюна барсаң, ал адам ошону сөзсүз кайтарып бериши керек. Мындай эсептешүү учуру болуп жатканда чын дилден элден бата тилеп же бата берүү салты артка калтырылгандай… Continue reading

Бир адамдан бир китеп, максатына окуп жет

22-февраль, Кожомкул айылында айтылуу «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында айылдык китепкананын ачылышы аземи болду. Алгач чакан иш-чара менен башталып, жетекчилер тарабынан сөз сүйлөндү. Андан тышкары долбоорго активдүү катышкан жана салым кошкон инсандарга ыраазычылык кат тапшырылып, жаш жазуучу Алманбет уулу Нуржигиттен чакан китептер белекке берилди.


Continue reading

Аталар да бала багуу үчүн декреттик өргүүгө чыкса болот

Кыргызстанда бала багуу үчүн декреттик өргүүгө аталар да чыга алат, бирок айлык акысы сакталбайт. Серепчилердин маалыматында өлкөдө 90% аталар бала багуу үчүн декреттик өргүүгө каалоолору бар экендигин билдиришкен.

      Аталар да декреттик оргууго чыга алат

Бириккен Улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) ар кайсы өлкө бийликтерине, үй-бүлөөлүк кызыкчылыктарды камтыган улуттук стратегияларды, анын ичинде эне жана атанын бала багуу үчүн акылуу өргүүсүн көзөмөлдөөгө чакырган.


Самат Аргымбаев, айыл тургуну
“Бул тууралуу билчимин, бирок биздин өлкөдө колдонулабы билбейм. Бирок эми азыр 21-кылым, бардык нерсе мүмкүн. Менин чыгайын деген оюм жок.”


Койсун Бейшенбаева
“Так маалыматым жок, бирок бар экендигин уккам. Көз карашым түз жана муну жандандырып, ишке ашырса деп ойлойм.»


Бакыт Ажыгулов, айыл тургуну
“Эркек киши шартка байланыштуу декретке чыгам десе аны алууга толук укугу бар. Муктаж болсо алганга көз карашым түз эле.”

“Жок бул боюнча маалыматым жок экен. Бирок бала экөөнө тең таандык болгондуктан чыкса болот го.” Минара Шайлообекова

Бул Суусамыр айыл тургундарынан алынган сурамжылоо.Мыйзам боюнча мүмкүнчүлүк бар экенине карабастан, Кыргызстанда эркектер декреттик өргүүгө дээрлик чыкпайт. Сурамылоодо уккандай кээ биринин мындай мыйзамдын бар экендигинен кабары да жок, себеби айрым мекемелер кызматкерлерине баланы багууга байланыштуу эмгек өргүү тууралуу маалымат бербейт.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева эркектерди мыйзамды туура түшүнүп, аны колдонууну сунуштайт:

“Мыйзамды колдонгон бирин-серин гана малекет кызматкерлерин байкадым. Мунун себеби эркектер, аялдын ролун аткарып каласың дегенден уялышат. Мыйзамдын мазмуну өтө жакшы, өз балаңа өзүң тарбия берип, жанында бол дегендик. Эркектер мыйзамдын маңызын жана үй-бүлөөнүн маанисин түшүнүп, уялбастан мыйзамды колдонусу керек.”

Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 137-беренесинде бала багуу үчүн декреттик өргүүнү эне жана ата гана эмес, чоң ата, чоң эне жана баланы кароого милдеттенме алган ар бир жаран алууга укуктуу экендиги жазылган. Гендердик эксперт Бакен Досалиева айтылып жаткан маселе тууралуу көрүнүштөргө токтолуп, мыйзамды колдоорун билдирди:


“Мыйзамды билип туруп декреттик өргүү албаган аталар балким намыстанаттыр, бирок бул намыс эмес. Балага эненин мээрим эле эмес атанын да тарбиясы керек. Мисал катары, мамлекеттик салык кызматында иштеген жигит, аялы эл аралык уюмда иштегендиктен, баласын карап отуруп калды. Анткени аялынын алган маянасы алардын ипотекасын төлөөгө жетиштүү болчу.”

Айта кетчү нерсе жубайлардын экөө тең мамлекеттик кызматкер болсо, эмгек өргүүгө атасы чыккан учурда апасына мындай мүмкүнчүлүк берилбейт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Туура эмес тарбиянын кеспети жаман

Мамлекет үй-бүлөөдөн куралат. Мамлекеттин күчтүү болуусу да мына ошол үй-бүлөөдөн, анын ичиндеги тарбиядан көз каранды. Тарбия берүүдө үй-бүлөө мүчөлөрүнө карата ар кандай гендердик өзгөчөлүктөр калыптанып, эркек деген күчтүү болот, ал үйдүн кожоюну же кыз деген назик болуусу керек, бирөөнүн келини болот деген сыяктуу бир катар таңуулоо менен тарбия берилип келет.

      Кыз, жана уул балдарды тарбиялоодогу озгочолуктор, Суусамыр_ФМ

“Мени ата-энем ар кандай көнүмүш болуп калган адаттар менен эмес, эркин өстүрүштү. Мен үйлөрдү жыйнаштырып, сыртка чыгып малды тейлеп коюп, залга машыгууга кетчүүмүн. Баскетбол, волейбол ойнойм, андан мурдараак эркин күрөш менен машыгып күрөшкө чыкчуумун. Уйдөгүлөр кыз деген жоош, кылыктуу болот, машыгууларды ташта деп эч качан айтышкан эмес.”
Кылым Намазбекова азыркы тапта жогорку окуу жайда билим алат. Мектепти аяктагандан кийин дене тарбия академиясына тапшырайын деген ойлору болгон.

Continue reading

Аймактарда коронавирусту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Суусамыр айылдык ооруканасынын жана айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлери, айылдын мектептерин кыдырып, короновирус оорусу тууралуу маалымат берип жатышат.

Сүрөттө Сатынбай Карабеков жана Конушбаев орто мектептери

Ден соолуктун сакчылары, окуучуларга оорунун таралышы, алгачкы белгилерин айтып берип, коргонуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүштү.

 

 

Аз камсыз үй бүлөөлөргө жардам

Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кийим кечээ таратылып, жардам көрсөтүлдү.

Continue reading

Кыздар да мураскер болуу укугуна ээ

 

Бүгүн биз эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт деген темага токтолобуз.
Алгач, эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт ? — ушул суроого айыл тургундарынын жоопторун уксак:

1. “Илгерки ата бабадан берки келе жаткан салт, мурас эркек балага калат. Кыз бала турмушка чыгып кетет, а эркек бала үйдө ата-энени багат. Мен балдарыма мураска калтырам.”
2. “Менин оюмча ата-эне мурасты кыз балага карабай, тең бөлүп бериш керек”
3. “Ата-эненин мал мүлкү эркек балага калыш керек деп ойлойм.”
4. “Кыз бала деле мураскер болсо болот. Мисалы менин эжеме ата-энем мурас катары үй белек кылышкан.”

      Суусамыр фм__мурас сюжет! 2

Мыйзам кыз балага жана эркек балага бирдей мураскер болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, ага карабай калк арасында кыз баланы бөлөк үй-бүлөө катары көргөндөр да четтен чыгат. Бирок, жогорудагы сурамжылоодогу жооптордун айрымдарын төмөндөгү каарманыбыз төгүндөөрү бышык.
«Мен турмушка чыккандан кийин, ар кандай себептерден кыйынчылыктар көп болду. Жалгыз бой келин катары, өз жеке ишимди баштоодо, жашоомду андан ары улантууда оор болду.»

Continue reading

Эс алууну билбеген метеорологдор

Даниил Сапышев 30 жылдан ашуун убакыттан бери Суусамыр метеостанция бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Ал жетектеген метеостанциянын кызматкерлери абанын кубулушун, абанын өзгөрүшүн текшерип, 24 саат боюу тынымсыз иштешет. Мекемедеги 6 кызматкер, 3 саат аралыкта топтолгон маалыматты кыргыз гидромет кызматына жөнөтүп турушат.

Эң кызыгы аларда майрам күн, дем алыш күн деген түшүнүк жок. Мындан улам метеорологдордун жумушунун оррдугун билсек болот.

Continue reading