Суусамыр айыл өкмөтүнө жаңы автогрейдер алынып келинди

Суусамыр айыл өкмөтүнө жайыттарды жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүңү башкаруу долбоору аркылуу жаңы автогрейдер алынып келинди.

Бул дүйнөлүк жана өкмөттүк банктан айыл чарба министрлиги тарабынан алынган гранд кредиттик акчага алынып келинген. Айыл чарба министрлигинин алдындагы  жайыт департаменти Кыргызстандагы 450 жайыт комитетине акча бөлүп анын 134миң$ Суусамыр айыл өкмөтүнө берилген. Бул туурасында дагы кененирээк Суусамыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Зоодан Асаналиевич айтып берди:

«Негизи бул грейдер абдан кымбат баадагы техника болуп саналат. Жайыт департаменти тарабынан абдан көп суммадагы акча каражаты бөлүнгөн.Бизге акча бөлүнгөндөн кийин кайсыл жака коротсок деп айылдарга жыйналыш кылып ортого  салганбыз. Ошондо көпчүлүктүн чечими автогрейдер алуу болду. Авто техниканын басы тендер өткөрүлүп  7млн 850миң сом болду. Бул жерде эгер техника ала турган болсок анын 25%ы  жергиликтүү коомчулук тарабынан чыгарылмак. Анын 25%ы 1млн 950 мин 500сом болуп, ал айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен алынды. 6-февралда бул техникалар Россия мамлекетинен Бишкек шаарына алынып келинди. Облусстук денгээлде өкмөт тарабынан өкүлдөр келип рассмий түрдө бизге техникалар тапшырылды.»

Ал эми айыл тургуну Сүйүн Аманова алынып жаткан техникалар туурасында өз ою менен бөлүшүп өттү:

«Менин оюмча автогрейдер алынып келингени абдан жакшы деп эсептейм. Себеби бизде кышыкысын кар абдан оор жаайт эмеспи. Жолдорубузду тазалап элге шарт түзүп берип турат деп ойлойм. Пайдасы абдан көп. Башка дагы айыл тургундарына жакты деген ойдомун.»

Азыркы учурда бул техника жайыт комитетинин балансында турат. Эскерте кетсек буга чейин дагы бир спец.техника алынган. Мын ушул техникалардын баардыгы тендерлерге катышып акча табуу менен биргеликте элге кызмат кылмакчы.

Даярдаган: Самар кызы Зыйнат

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *