Суусамыр: Электр таянычтары жаңыртылды

Суусамыр айылында электр таянычтары  жаңыртылды, тагыраак айтканда, Тынчтык көчөсүн бойлогон электр зымдарынын карагай таянычтары толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, бетон таянычтарга алмаштырылды.

Бул туурасында Суусамыр электр тармактар участогунун  жетекчиси Чыңгызбек  Ашыр уулу кененирээк токтолду:

 

“Биз 2016-жылдын октябрь айында “Түндүк электр ачык акционердик” коомунун каржылоосунун негизинде  1млн 40миң сомдук  пландык иштен тышкаркы капиталдык реконструкция ишин киргизгенбиз. 04 аба чубалгысындагы 502-трансформатордук подстанциядан 1км 200м аба чубалгысынын сызыктарын(линия), электр зымдарын, электр таянычтарын (столба), изолятор ж.б эмне тиешелүү болсо бардыгын толугу менен капиталдык оңдоо жүргүзүп, жаңырттык. Бизге Жайыл райондук электр тармактар участогу  жардамга келип, экскаватор, крановщик, стропальшик бардыгы болуп салымдарын кошушту. Бул иштин жалпы наркы 599 миң 746 сомду түздү. ”

Бардыгы болуп жалпысынан 29 электр таянычтары жаңыртылган.

Айыл тургуну, Тынчтык көчөсүнүн жашоочусу Замира Акматова:

“Электр столбаларынын жаңыртылышы менимче абдан жакшы болду. Анткени, бул столбалар абдан эскирип калган. Эми электр жарыгы үзгүлтүксүз жакшы иштейт деген ойдомун.”,- дейт.

Эскерте кетсек, кийинки жылга дагы 50 электр таянычтарын жаңыртуу  иши пландалууда.

      суусамырда электр столбалары жаныртылдыMP3

Даярдаган: Умсунай Ачыкова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *