Суусамыр: Айыл тургундардын көпчүлүгү Ош-Бишкек жолунда соода кылат

Суусамыр  айыл  тургундарынын  көпчүлүк бөлүгү Ош-Бишкек  жолунда соода-сатык менен алектенишет. Жол боюндагы тургундар бир сезондо талыкпай иштеп, 200 миң сомго чейин акча  таап өз керегине жаратышат. Алар жолдогу жүргүнчүлөргө, кымыз, курут, сары май, каймак, айран, куурдак  ж.б сатышат.

Суусамыр айылынын  тургуну, соодагер Чынтемир Аманкулов жол боюнда көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин айтты:

“Биз бул жака 3 жылдан бери  соода кылганы чыгабыз. Кардарлар көбүнчө  кымыз, куурдак, май токочко басым жасашат. Өзүбүз 12 бээ, 15 уй саап, сүттөрүн өткөрөбүз. Кымызды өзүм жасап, саамал кылып сатам. 3 жылдан бери жакшы эле каражат таап жатабыз.”

Айыл тургундары бул жерде 1литр кымызды  80сом, 1кг курутту 150-180 сом, каймакты  250 сомдон сатышат.

Ал эми дагы бир соодагер Айнура Эшимбаева бул жерден өз үй-бүлөөсүнө кышкы  продукциясын  камдап алаарын айтты:

“Бул жака чыкканыбызга 3 жылдын жүзү болду. Соода абдан жакшы болот. Экологиялык жактан таза, кошмо жок,  эл катары кымыз, сары май, чөбөгө ж.б сатабыз. Тапкан акчабыз менен алган карыздардан, насыялардан кутулабыз. Талыкпай иштесек 150 миң сомго  чейин табабыз. ”

Көп жылдан бери соода кылган Жыргал Кулматов  бул жактан бир гана акча табуу эмес, ден соолукту да чыңдаса болоорун билдирип, соода кылуунун жолдору менен бөлүштү:

“Биздин бул жакта соода кылганыбызга быйыл 7 жыл болду. Ошондон бери жакшы ийгиликтерге жетиштик. Өзүбүз ушул жерде бээ саап, саамал кылып сатабыз. Кардарлар да кымыздын өзүн  эмес саамалды  көп сурашат. Таза продукция сатсан, кардарларың көбөйөт. Ошондуктан дайыма өзүбүздүн таза продукцияны сатканга аракет кылабыз. ”

Бул жакта соодагерлер кымыз, курут менен гана чектелбестен ашкана ачып, тамак-аш саткандар да бар. Алардын бири Эльмира  Орозбаева 4 жылдан бери ашкана иштетет. Ал бул жака Талас облусунун Кара-Буура районунан келген:

“ Менин өзүмдүн иштегениме 9 жылдан ашты. Башка кафелерде иштеп жүрүп, 4 жылдан бери өзүм ашкана ачып иштетип жатам. Бизде жай мезгилинде сезон болот. Тамактын 12 түрүн жасап сатабыз. Андан тышкары  кыздар-балдарды жумушка алып, жумуш оорду менен камсыз кылам. ”,-дейт.

Андан тышкары бул жака бээнин сүтүн ичип,  ден соолуктарын бекемдегени келген адамдардын саны көп.

      суусамыр айыл тургундары ош-бишкек жолунда соода кылышат

Даярдаган: Умсунай Ачыкова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *