Суусамырдагы мектеп окуучулары жайкы эс алууну кантип өткөрүшөт?

Жай мезгили келип мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу кызып турган учуру. Жайкы каникул балдардын эс алуусу үчүн уникалдуу мезгил. Бул учур  эс алып, күч топтоп, жаңы досторду күтүп, көптөгөн кызыктуу нерселерди билүүгө шарт түзөт. Ал эми Суусамырдагы  мектеп окуучулары жайкы каникулду кандай өткөрүшөт?

Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Эркин Намазбеков өзүнүн жайкы эс алуусу туурасында айтып берди:


“Мен азыркы убакта каинкулду айылда апама жардам  берүү менен өткөрүп жатам. Эми эс алууга Ысык-Көлгө барам. Бизге көбүнчө каникулду жайлоого барып, ат минип, кымыз ичип жана көлгө барып эс алган жагат.”

Суусамыр айылынын тургуну 3 баланын энеси Азиза Таалайбек кызы балдардын жайкы каникулу туурасында өз оюн мындайча билдирди:

“Менин өзүмдүн 3 балам бар. Азыркы учурда балдарым каникулду айылда өткөзүп жатышат. Эми жайлоого кымыз ичкени жиберейин деп жатам. Негизи балдар жайкы каникулду пайдалуу өткөзүшсө деп ойлойм, китеп окуп дегендей.”

Ал эми мектеп мугалими Самат Аргымбаев балдардын жайкы эс алуусу боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Бизде айыл жергеси болгондуктан балдар көбүнчө ата-энелери менен жайлоого барышат. Мектепте балдар каникулдарын кайда өткөрүшөт деген суроодо мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында балдар Ысык-Көлгө, жайлоого, ата-энеси чет өлкөдө жашаган балдар Турция, Россия ж.б өлкөлөргө да барып турушаары белгилүү болду. Андан тышкары, азыркы учурда техника өнүккөндүктөн балдар интернет булактарына да кызыгып кетишүүдө. Ошондуктан  окуучулар каникулда кошумча окуп, билимдерин тереңдетип, китеп окушса деп кенеш берет элем. ”

Суусамырга конок болуп келген Бишкек шаарынын тургуну  Тинатин Жапаркулова, өз балдарын жайлоого эс алдырганы алып келгендигин айтты:

“Биз атайын Бишкек шаарынан Суусамырга балдарыбызды  бээнин сүтүн ичирип, ден-соолуктарын чыңдайлы деп алып келдик. Эми буюрса дагы Ысык-Көлгө эс алдырганы алып барабыз.”

Ата-энелер үчүн жайкы каникул убагы балдардын эмоционалдык интеллектин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Андыктан,  балдардын жайкы каникулун пайдалуу кылып өткөргөнгө аракет кылуу ата-эненин милдети.

      балдардын жайкы эс алуусу

Даярдаган: Умсунай Ачыкова

Жайкы мектепке сынак үчүн

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *