Подкаст: Маркумду узатуу салты

Таберик подкастынын 4- чыгарылышы Маркумду узатуу салтына арналат. Мында ата- бабалардан калган салтта эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз.

Ал үчүн биз Кожомкул айылына бардык. Кожомкул айылы Суусамыр өрөөнүндөгү 5 айылдын бирөөсү, айтылуу Каба уулу Кожомкул балбан чыккан жер. Биздин маектешибиз Айнагул Мураталиева дал ушул айылда жашайт. Айнагүл эже өзү айылдагы активист айым, ардактуу эс алууда болсо дагы талыкпай, коомдук уюм түзүп алып, салттуу билимдерди сактап калуу үчүн аракеттерди жасап келе жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.