Райондогу муктаж адамдарга жардам көрсөтүү уланууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү.

Өткөн жумада Суусамыр өрөөнүндөгү 200 үй-бүлөгө ун жана май азыктары берилген. Ал эми Жайыл районундагы айыл аймактарга жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жардамы менен акыйкат бөлүштүрүлөт.

 

Буга чейин Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектеп үчүн билим жаатындагы «Акыл Ордо», «Парламент сүйлөйт» долбоорлорун колдоп келген болсо, быйыл бул долбоорлорду Сокулук жана Жайыл райондорунун мектептерине жайылтууну баштады. Эми мындан ары аталган райондордун окуучулары депутаттын белектерине татыктуу болуп, келечекке карай мотивация ала алышат.

Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *