Суусамыр: Карантин чаралары күчөтүлдү

Суусамыр айыл аймагында коронавирустун алдын- алуу боюнча иштер күчөтүлүп, иш- чаралар аткарыла баштады. Карантин жарыялангандан баштап, Суусамыр айылынын кире бериши тосулуп, айылдагы ыктыярчы жаштар кирип- чыккан жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөсө, бүгүнтөн баштап, Бишкек- Ош жолунан Суусамырга кайрылган бурулушка блок постту коюшту. Эми айылга кирип- чыгуу кыймылы толугу менен токтотулат.

Андан тышкары, бардык мекемелердин имараттары дезинфекцияланып, тазаланып чыккан болсо, бүгүнтөн баштап, айылдагы көчөлөр  дезинфекциялоочу каражат чачылып, тазаланып жатат.

Айыл тургундарынын негизги муктаж болгон азыгы унду бекитилген баа менен айылга чейин элге алып келип берүү иши жүргүзүлүп, биринчи сапары ишке ашырылды. Ал эми азыр ар бир айыл башчысы каалоочулардын тизмесин түзүп, акчасын чогултуп жатышат. Унду 2- апрелде жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп, бюджеттен жол киресин төлөп 1550 сомдон алып бергени жатышат.

Айыл ичиндеги дүкөндөр эртен мененки 8:00 дон кечки 18:00 чейин гана иштегенге уруксат берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда көчөдө жүргөн айыл тургундарына, жаш балдарга үйлөрүнө киргиле деген тапшырмалар берилип, көзөмөл жүрүп жатат.

Даярдаган: Элизат Санжырбек кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *