Мөөнөтү жок иштеген мал доктур Сагынбек

Суусамырдагы тажрыйбалуу мал доктоур Сагынбек Мейманкулов Суусамыр фм радиосунда түз эфирде конокто болуп, Суусамырдагы малдын саламаттыгы,  өз ишмердиги туурасында айтып берди. Ал Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Университетин аяктаган. 12 жылдан бери өз кесибин сүйүп иштейт. 2017-жылы кичи мекени Сусамырга келип жеке ветеринардык адистик кызматты аркалай баштаган.

Ал малдын түрлөрүнө операция жасап, бодо малды жасалма уруктандыруу менен да алектенет. Анын практикасында бул жыл эсебинен 4-5 бодо малга мал төлдөө учурунда операция жасап, музоосун же энесин аман алып калган учурлар болгон.

Ал өз сөзүндө Суусамырда малдын саламаттыгы жакшы экендиг айтып, бирок 5 жашка чейинки жылкылар дем алуу органдарын начарлатуучу, өтө жугушту сакоо ылаңы менен оорушарын жна анын клникалык белгилери тууралуу айтты.

Малы ооруган тургундар ага түн ортосунда деле чалып чакыртышат. Муну ал озүнүн милдети деп эсептейт.

 

Маектешкен: Элизат Санжырбек кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *