Эмне үчүн айымдар декларация толтурбайт

Алдыда Кыргызстандагы көпчүлүк айымдар эмне үчүн декларация толтурбайт?-деген суроо алкагында даярдалган сюжетке көнүлүңздү бурабыз.

      Аялдар эмне учун декларация толтурбайт, Суусамыр фм

«Менде декларация жөнүндө түшүнүк  деле жок, толтуруп көргөн эмесмин. Себеби биздин үй бүлөөнүн  мүлктөрү бардыгы жолдошума катталган. Биздин  үйдө жолдошум киреше алып келүүчү, жана мен ага ишенем.»

Бул   Суусамыр айылынын тургуну Элнура Адылбек кызы. Ал башка кээ бир келиндерсыяктуу эле бирдиктүү салык декларациясын толтурбайт. Өлкөдө мындай учурлар аз эмес. Буга көбүнчө келиндер күйөөсүнө ишенээрин  же үй бүлөөнү эркек башкарыш керек деген жооп айтышат.

Анда түшүнүктүү болсун  үчүн бирдиктүү салык декларациясы деген эмне, аны кимдер толтурат, эмне үчүн деген суроолорго жооп издейбиз.Талдоочу Максат Мамытканов, мыйзам эркек же аял дебей декларацияны баардыгы бирдей толтурууга милдеттүү экенин баса белгилейт.

«Коррупция менен күрөшүүнүн бир булагы катары 2010-жылы 21-январда Кыргыз Мамлекетинин Жогорку Кеңеши бирдиктүү салык декларациясы тууралуу  мыйзам кабыл алган. Ошол көмүскөдө жаткан байлыкты, ачыкка чыгаруу, легализациялоо, салык төлөтүү негизги максаты болчу. Декларацияны ар бир жаран, ар бир ишкер, ар бир мамлекет кызматкери толтурат.»

Каарманыбыз Элнура Адылбек кызынын жолдошу Уланбек Дүйшөнөв мал чарбачылык менен алектенет. Алардын  үй бүлөөсүнүн мүлкү өзүнө катталуу жана алар муну кадимки эле көрүнүш  катары эсептейт:

«Биздин үй бүлөөдө өзүбүзгө жетиштүүмүлктөрүбүз бар, жана алар толук түрдө мага катталуу. Декларацияны  да өзүм толтурдум. Эркек адам үй бүлөөнүн башаты, ошондуктан бардыгынөзүм кармап көзөмөлдөйм.»

Мындай пикирди туура деп калтырып койсок, эгер кокус үй бүлөө эки ажырым жолго түшсө аялдар эч кандай мүлккө ээлик кыла албай калат дешет адистер. Бул анын андан кийинки жашоосун улантып кетүүсүнө   кыйынчылык жаратат. ССР учурунда  эркек адамдын айлык акысы аял кишинин маянасына салыштырмалуу  көбүрөөк болгон. Бирок, ССРдин таркашы менен көп нерсе өзгөрдү деген  гендердик эксперт Бакен Досалиева төмөнкүлөргө токтолду:

«Негизи бул маселеге илгертен калыптанып калган стереотиптер себеп. Кийин коомчулуктагы өзгөрүштөр эркектерди жумушсуз калуу дегредациясына алып келди. Аялдар өзүнүн табышкердиги, амалкөйлүгү менен  соода ж.б иштерди жасап үй бүлөөнүн материалдык жагын тарта баштады. Бирок ошондой учурда деле эркек кемсинип калбасын же ата статусун сактап калуу үчүн мүлктөрдү каттап беришет. А бирок ажырашуудан кийин аял киши же алимент төлөтө албай, же үй жайсыз калып калат. Бул аялдардын экономикалык абалын начарлатып, миграциянын өсүшүнө алып келет.»

Кыргыз коомунун аял эркек тең укуктуулгун камсыз кылууга, сактоого алыкелбей жатат. Канча аракет кылып, үн салганыбыз менен жогоруда айтылгандай көрүнүштөр токтобой уланууда.

Урматуу угарман, сиз Чүй облусунун Суусамыр фм радиосунда даярдалган гендердик тенчилик беруусун уктунуз. Аны мен Зыйнат Самар кызы даярдадым. Саламатта турунуз.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *