Эрте нике куруу эне жана бала үчүн ден соолукка зыян

Кыргызстанда эрте турмушка чыгуунун саны өсүп,  соңку жылдары эрте төрөттөр көбөйдү. Булар үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, зомбулукка, ажырашууга алып келет дешет адистер.

      Эрте турмушка чыгуу Суусамыр фм

Жашы жетелектерден тарта он сегиз, он тогуз жашта турмушка чыгуу эрте деп эсептелет. Бул курактагылардан төрөлгөн балдардын санына жараша эрте турмуш куруу көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн  чоң маселелердин бири. Тиешелүү пайыздык катыш менен алсак, 2008-жылы эрте төрөгөндөрдүн саны 1000 аялга 62,7 пайыз туура келчү. 2015-жылы бул 92,5 пайыз болуп жатат. Бул 18-19 жашта турмушка чыгып, балалуу болгондор. Ал эми 15-17 жаш арасындагылар жети пайызга өсүп жатат. Суусамыр өрөөнүндөгү абалды билүү макстында Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгартка кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык:

“Бизде негизинен эрте турмушка чыккандардын саны бар бирок көп эмес деп айтсам болот. Эгер эрте нике куруу үчүн кызга карата зордук-зомбулук иштери жасалса, иштин деңгээлине жараша тиешелүү чаралар көрүлөт. Суусамырда эрте нике куруу туралуу факты катталган, бирок эки тарап келишип, ата-энелердин макулдугу менен бул маселе чечилген.”

БУУнун «Коомдун гендерди кабыл алуусу — 2016» аттуу изилдөөсүндө сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы эрте турмуш куруунун себеби кыздардын өз каалоосу деп билдирген. Ал эми 18 пайызы жакырчылыктын өсүшү, 17 пайызы жаштардын эрте жыныстык жетилиши, 16 пайызы исламдын таасири жана башка деп жооп беришкен. “Аялдарды коргоо” борборунун директору Бакен Досалиева  эксперт катары бул ойду толуктады:

“Эрте никени токтотуу боюнча азыркы учурда “Аялдарды коргоо коомдук бирикмеси” тарабынан  нике куракка жете электер жана никеге туруу үчүн жоопкерчиликти камтыган  КРнын жазык кодексинин 178-беренесинин  колдонулушуна мониторинг жүргүзүп бүтүштү. Мында ушул кээ бир укук коргоо уюмдары тарабынан  ар түрдүү мыйзам бузуулар болгон учурлар бар экен. Ушунун негизинде кечээ жакында эле тегерек стол уюштурулуп, мамлекеттик огандардан сот департаменти, эл аралык уюмдар жана бей өкмөт уюмдарынан турган эксперттер менен эскперттик кезедшүү болуп ошол жерден сунуш-пикирлер талкууланды. Бул ошол мыйзамдын жакшы иштешине бир топ өбөлгө түзөт.”

Эрте турмушка чыгуу кыздарды билимден куржалак калтырат жана балалуу болууга биологиялык жактан да даяр эмес. Кыргызстан энелердин өлүмү боюнча Борбор Азияда жана Чыгыш Европада биринчи орунда. Гинеколог-акушер Айнура Терекбаева балдар да дени сак төрөлбөй калышы мүмкүн дейт:

“Медициналык жактан алып караганда эрте турмушка чыккан учурда үч кабылдоого дуушар болушат. Биринчиси жаш өспүрүм курактагы эненин организми толук кандуу жетиле элек болот, экинчиден ошол өспүрүм кыз жыныстык органдарынын толук жетилбегендиги, үчүнчү себеби психологиялык жактан да кош бойлуулукка, төрөткө даяр эместиги  эсептелет. Азыркы учурда энелердин аз кандуулукка чалдыгуусу көп болуп жатат. Эненин ден-соолугу сак болсо, баланын да ден соолугу чың болот.”

Ал эми Суусамырда молдолор (нике кыюучулар) канча жаштан өйдө нике кыят деген суроо менен  Суусамыр айылдык мечиттин имамы Мирбек Казаковго кайрылдык:

“Биз молдолор дагы мыйзамга баш ийип 18 жаштан өйдө курактагыларга нике кыябыз. Паспорттор текшерилип жана Суусамыр айылдык мечитине журналга каттоого алынат. Дин көз караш менен карай турган болсок анда да 18 жаштан өйдө, эки тараптын макулдугу менен нике кыйылат. ”

Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылары жазылган.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *