Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы 16күндүк акция

16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулкка каршы күрөшүү компаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.

 

Иш чаранын биринчи бөлүгүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана кыздар, аялдын күчтүүлүгүн, кайнене келин мамилесин чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлдү. Видеотасманын бири “Катчахан”, мында кайнене менен келиндин ортосундагы сый мамиле, кайнененин акылмандыгы, келиндин ийкемдүүлүгү чагылдырылган. Видеотасманын акырында тургундар менен биргеликте талкуу болуп, ойлору угулду.

 

 

 

Эки күндүк иш-чаранын экинчи бөлүгү Суусамыр FM радиосунда “Аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулук” темасында түз эфир менен уланды. Студияда Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт жана Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин мугалими Кулуева Жийде конокто болуп, Суусамырдагы абал, зордук-зомбулукту алдын алуу, күрөшүү, себептери тууралуу сөз болду.

Бул иш-чара гендердик теңчиликти Жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу долбоорунун алкагында ишке ашты.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *