Суусамыр: Интернет, телеканал байланыштарын жакшыртуу керек

Суусамыр өрөөнүндө интернет, телефон байланыштары жакшы болгондугу менен алыскы Кызыл-Ой айылында интернет, телефон жада калса телеканал байланышы да өтө кейитээрлик абалда. Бул тууралуу Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев Суусамыр FM радиосунда Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында аткарган иштери менен тааныштырып жатып белгиледи.

Бул көйгөйдү айыл өкмөтү Кызыл-Ой айылында  аз киши жашагандыгына байланыштуу уюлдук байланыш компаниялары кызмат көрсөтүүдөн баш тартышат деп түшүндүрдү.

Эфирди толугу менен 23-сентябрь саат 18:30да  Суусамыр FM радиосунан  уга аласыз!

Маектешкен: Зыйнат самар кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *