Кайнене – келин мамилеси үй-бүлөнүн биримдиги

Кыргыз элинде башкалардан айырмаланып, үй-бүлөлүк жашоосунда келин жана кайнене атуу салттык түшүнүк бар. Келин турмушка чыкканда  адеп кайненин сынынан өтөт. Келген жери келинди жактырса, акжолтой келин болду дешет. Келин көңүлдөрүнө жакпай калса кайнене келинди басынтып, ал кайындарынын душманына айланат. Адистер мындай көрүнүштөрдү кыргыз коомунан арылтыш керек экендигин айтып келишет. Алар, келин менен кайнене түшүнүктөрү башкача нукта болуш керек эле дешет.

      Кайнене келин Суусамыр ФМ сюжет

Гендердик эксперт Бакен Досалиева келин менен кайненин каршылаштыгы, өчөштүк мамилеге алып келээрин айтат анын белгилешинче  келинге кайнененин колдоосу кажет. Жаңы келген келинге билбегенин үйрөтүп, туура багыт көрсөтүү менен үй-бүлөлүк баалулуктарды көтөрүү жакшы жашоого шарт түзөт дейт.

“Келиндин келген жери түшүнүксүз болсо ал бир гана кайненесинен эмес бардык кайындарынан зомбулук көрүшү мүмкүн. Кайнене карыганда зомбулук көргөн келинден жакшылык күтпөй эле койсо болот. Ошондуктан бул маселеге аяр мамиле жасаш керек”

Аят Орозалиева Суусамыр айылынын тургуну. Келиндүү болгонуна көп жыл болду. Неберелери чоңоюп калды. Ал, келин келгенден баштап келин менен жакшы мамиледе болуш керек дейт. Келини акыркы учурда үйдө көп боло бербейт, анткени жумушуна байланыштуу. Үй жумуштарын өзү жасайт. Келини жумуштан чарчап келген болсо тамак-ашын даярдап коет, ден-соолугум жакшы болуп турса келиниме дагы да болсо колдоо көрсөтүп турсам дейт.

“ Үй-бүлө болгондон кийин келин менен кайнене кеңешип оокат кылыш керек. Менин келинимдин жумуштары көп. Мен ага түшүнүү менен карайм. Учурда неберелеримди багып жатам. Колумдан келген жумуштардын барын келин жокто өзүм эле жасайм”.

Адистер акыркы жылдары бир аз да болсо келин-кайнене мамилеси жакшырып баратат дешет бирок бул маселеде бир топ мүчүлүштүктөр бар экендигин жашырышпайт. Суусамыр айылынын тургуну Насипа айым азыркы келиндер өздөрүнүн укуктарын талап кыла билишет дейт, ошондой болсо дагы келин келген жерин сыйлоо, кайнени кандайдыр бир дэңгээлде урматтоо керек экендигин белгилейт.

“Үй-бүлөдө тең укуктуулук сакталышы керек. Келин менен кайнененин ортосунда чек болуш керек деп ойлойм, кыргыз элинде мындай жөрөлгө бар, сыйлуу адамдар деп эсептейм. Ар ким өзүнүн ордун билиши керек. Экөө  бири-биринин укуктарын сыйлаш керек”.

Учурда гендердик сезимталдуулук боюнча адистер бул маселеде өз салымдарын кошуунун аракетинде, эл аралык уюмдар да аларга көмөк көрсөтүп келишет. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы аялдар агенттиги тарабынан ГАЛС аттуу ыкма жайылтылууда, бул методика — гендердик сезимталдуулуктун иш-аракеттеринин анализи  деп аталат. Негизинен  бул иш-чара Кыргызстандагы келин-кайнене жана үй-бүлөдөгү аял-эркектин мамилесин оңдоого багытталган. Гендердик эксперт Бакен Досалиева бул методикадагы “брилиант” аталышындагы инстурментти өлкөгө жайылтууну сунуштайт.

“Ар бир адам өздөрүнүн мүнөзүн кылып жаткан мамилесин анализдей бербейт, ушул методиканын алкагында гана келиндин жаккан мамилесин, кайнененин жаккан мамилесин андан кийин жакпаган мамилесин өздөрү жазышып, анализ жүргүзүшөт. Андан кийин кайненелер өздөрү-өздөрүн оңдогонго багыт алат келиндер да оңдой баштайт ушул ыкманы өлкөгө жайылтып, бул боюнча окутуу жүргүзүш керек”

Бакен Досалиева, ошондой эле мамлекеттик саясат бул маселени чечүүдө чечкиндүү кадам жасаш керек деп эсептейт үй-бүлөнү коргоо мыйзамынын жардамы аркылуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге бул көйгөйдү азайтууга болорун айтат.

 

Даярдаган: Анарбек Калдыков

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *