Коргоо ордери

Аял заты эркек адамга караганда физикалык жактан алсыз, бала төрөп бала багуу милдетин моюнуна алып, үй-бүлөдөгү камкордук жагын камсыздайт. Аял киши ушунусу менен дүйнөдө калктын аярлуу катмарын түзгөндөрдүн катарын толуктап турат. Тукум улоо, энелик милдетти аркалаганды менен аял заты ааламда жогорку даражага ээ. Тилеке каршы зордук-зомбулука көбүрөөк кабылган дагы аял заты. Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.Гендердик эксперт Бакен Досалиеванын айтымында, аялдарга карата зордук-зомбулук акыркы жылдары көбөйүүнүн үстүндө.

      Коргоо ордери Суусамыр FM радиосу

«Акыркы жылдары зордук-зомбулук көбөйүп кетти. Буга себеп турмушта эркектер «деградацияга» учурап жатышат. Жумушу жок. Аялынын тапканына көз каранды болот. Аялынын астында басынып калбаш айласын кылып, үстөмдүгүн жоготпош үчүн, зордук зомбулук кылышат».Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Кийин бул мыйзам 2017-жылы 27-апрелде өзгөртүүлөр менен толукталган. Бул мыйзамда «коргоо ордери» деген түшүнүк бар. Бакен Досалиева бул мыйзам аял кишини сөз менен кемсинтүүнү да алдын алат дейт:


«Аялга карата зордук-зомбулук болгон жерде, участкалык ички иштер бөлүмүнүн өкүлү коргоо ордерин бере алат. Коргоо ордери биринчи үч күнгө берилет. Зомбулук көрсөткөн киши коргоо ордерин алгандан кийин жакын туруп дагы, алыс туруп дагы эч кандай зомбулук кылбаш керек. Сөккөнгө дагы акысы жок болуп калат, эгер ордердин жазылган милдеттерин аткарбаса анда ал үч суткага камалат. Андан кийин дагы зомбулук токтобой улана берсе коргоо ордери бир айга узартылат, жана зомбулук жасаган адам үй ээси болгонуна карабай ошол үйдөн чыгартылып салынат. Сот чечими чыкмайынча, беш-алты ай болобу, ошол адам ал үйгө кирүүгө акысы жок болуп калат».

Бирок байкоочулар көп учурда эркектер мындай жаза менен жоопко тартылышпайт дешет. Аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Мунун себебин Суусамыр айылдык кеңештин депутаты Алыпсатаров Урмат аял затынын кең пейилдиги, чыдамдуулугунан болуп жатат дейт:

 

«Бул эми ар кандай, кээ бир учурларда аялдар беш-он жылдан кийин күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазган фактылар болушу мүмкүн, ал эми Суусамырда арыз жазгандар деле жок. Мунун себеби, биринчиден намыс, үй-бүлөсүн сактап калуу максатында. Экинчиден аялдар күйөөсү уруп койсо милицияга берип коюптур деген элдердин сөздөрүнөн уялышат. Бирок дагы бир себеп менин оюмча аялдар сабырдуулук кылып, аялзатынын бир кең-пейилдик кечиримдүүлүгү деп ойлойм. Ошол себептен аялдар милицияга арыз жазышпайт».

Суусамыр айылынын тургундары учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук мурдагыга караганда токтоп калгандыгын айтышып, 2000-жылга чейин мындай көрүнүштөр көнүмүш нерсе катары эсептелүнчү дешет.

«Азыр зордук-зомбулук мурдагыга караганда токтоп калды, чанда эле болбосо. Буга арак себептүү болот. 2000-жылдан кийин токтоду, ага чейин болуп келчү анда ичкилик ичкендер көп болуп кеткен, азыр ичкендер жокко эсе».

Айыл тургундарынын мындай көрүнүштөр токтоп калды дегени менен Суусамыр айылдык милиция болумчосунун жетекчиси Жээнтай уулу Талгаттын айтымында Суусамырда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча катталган фактылар биротоло токтоп калган жок.

«Ушул убакытка чейин, бир жыл аралыгында эки үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул боюнча биз чара көрдүк. Зордук-зомбулук көрүнүштөрүн алдын алуу иштерин да жүргүзүп жатабыз».

Мындан мурда “жабыркаган бир үй-бүлө мамлекетке канча каражат зыян келтирет?” деген долбоор өлкөнүн акыйкатчы институту менен эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан. Алар “үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун аягы өлүм менен аяктаган бир учурду изилдеп көргөн. Анда ооруканадагы дарыгерлердин айлыгы, анализдердин суммасы, он төрт жылга кесилген адамдын тамак-ашы жана башкалардын каражаттары кошулган. Иликтөөнүнү жыйынтыгы, бир үй-бүлөдөгү чыр үчүн мамлекет 1 жарым млн сом акча зыян тартары аныкталган.
Ошентип, Кыргызстанда аял укугун билиши керек, ал коргоого муктаж деген сыяктуу пикирлер жаап жаткан чакта, тилеке каршы казан-аяк кагышат деп, уруш-талаштарды нормалдуу көрүнүш катары баалагандардын катары дале болсо калың бойдон калууда.

Дардаган: Анарбек Калдыков

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *