Суусамыр: Экологияга, элге зыян келтирген Кара булак алтын кени

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Урмат Алыпсатаров конокто болуп, эл арасында чоң көйгөй жаратып жаткан Кара Булак алтын кени туурасында маалымат берди. Ал, 9-июнь күнү Кара булак алтын кени чыккан жеринде чогулуш уюштурулганын, жыйынга  Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкандыгын айтты.

Чогулушка атайын акимге жолугуу  үчүн Суусамыр айылынын тургундары да келген. Алар дал ушул Кара булак алтын кенинин кесепетинен булганган суунун ичкен мал жандыктары өлүп жаткандыктарын айтып, наарзычылыктарын билдиришкен.

Жыйынга Жайыл райондук акимден тышкары, экотехинспекциянын жетекчиси Манас Карабаев, Вознесеновка айыл өкмөтү жана жайыт комитети, аталган алтын кенин иштетип жаткан “Элко-сервис Лимитед” компаниясынын аткаруучу директору жана Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары катышкан.

Соңунда Жайыл райондук аким тарабынан мал жандыктары өлүп, зыян тарткан айыл тургундарына  атайын комиссия  түзүлүп иш алып барсын деген чечим чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара булак алтын кенин иштетүү учурунда Суусамыр айылынын тургундары ичүүчү сууга кызматкерлер кир сууну кошуп салып, айыл тургундары нааразычылык билдирип жатып алтын казуу ишин токтотушкан.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *