Айылдык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кандай иштерди жасайт?

Суусамыр айылдык №7346 шайлоо участкасынын кызматкерлери Кулсариева Чолпон жана аталган участканын төрагасы Таштанбаев Калыбек Суусамыр FM радиосунда, “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып жаткан радиоуктурууда,айылдык шайлоо комиссиясы кандай ишерди жасайт деген суроолорго жооп берди.

Эфир учурунда, айылдык шайлоо комиссиясынын укуктары, анын төрага жана мүчөлөрүн ким шайлайт, азыркы күндө канча адам кандай кызматтарда иш алып барып жаткандыгы туурасында да сөз болду.

Андан тышкары студиянын коноктору, шайлоо учурунда, шайлоо иштери туурасында айыл тургундарына алдын ала эч кандай түшүндүрүү иштери жасалбай тургандыгын кошумчалашты.

Эфирдин кайталоосун 11-июль күнү саат 14:10до Суусамыр FM радиосунан уга аласыз!

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *