үлүш жер

Кыргызстан Советтер Союзунан өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин калкты жер үлүшү менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн натыйжада мамлекет өз карамагындагы жарандарга жерлерди өз алдынча иштетип алууга, жеке менчикке өткөргөн бул иш чара Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 мыйзамы менен күчүнө киргизилген. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерди пайдалануу укуктарынын пайда болуу негиздерин жана ушул укуктарды ишке ашыруунун жана аны токтотуунун тартибин жана аларды каттоону жөнгө салат, ошондой эле жерге болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин шарттарындагы жер-рынок мамилелерин түзүүгө жана жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган.Андан бери Кыргыз Республикасынын жарандары ошол менчике алган жерлерин иштетип келишет. Жер үлүшү үй-бүлөдө канча адам болсо ар бирине белгиленген өлчөмдө бөлүнүп берилген. Аял кишиби, эркек кишиби мыйзамда бардыгына бирдей каралган.Бирок кыз бала турмушка чыгып кеткенден кийин үлүш жер ошол үйдүн эркек мураскерине калып аял киши үлүш жерине ээ боло албай калган учурлар жок эмес. Гендердик эксперт Бакен Досалиева белгилегендей азыркы учурга чейин мындай маселе коомчулуктун көз жаздымында калып келүүдө.

“Бул маселенин себептери биринчиден салтка, менталитетке барып такалат. Ата-энелер кыздарына үлүш жерин бербей биз сага сеп берип жатабыз деп коюшат. Мыйзам бонча негизи бериш керек экинчиден ошол мыйзамдын бар экенин  көпчүлүгү билишпейт, ал эмес менин өзүмдүн атам деле айтып коюшкан, ”чыккан кыз чийден тышкары жер үлүштүн бардыгы менин уулдарыма калат биз силерге сеп бердик болду”,- деп коюшкан. Мындан тышкары адистер кыз киши башкага турмушка чыккандан кийин анын   жер үлүшүн колдонушун куру намыска алдырып, бербей келишкенин белгилешет. Ал эми Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтуу кеңештин депутаты Ислан Карымшаков кыз баланын жер үлүшүн колдоно албай калышын төмөнкү себептерден улам белгилейт.

“Мунун себептери ар кандай. Кыздар башка районго же башка айылга барып калат, ошон үчүн иштете албай калышат, колдоно албай калышат эч ким колдонбо, алба деп айта албайт буга мыйзам жол бербейт. Мунун бары шартка байланыштуу эле аял-эркектин укуктары бирдей, кыздар башка жерге турмушка чыкса ал жерин колдоно албай калат анын эч нерсеси жок эгер келип колдоном десе эч ким каршы боло албайт”.

Ашыр уулу Чыңгыз Суусамыр өрөөнүндөгү Тунук айылынын тургуну ага ушул эле суроо менен кайрылганыбызда эмне учун колдоно албай калышын билбей тургандыгын айтып мындай маселе тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.

“Эгер кыздар өзү жашаган айылга  турмушка чыкса жерин колдоно берет, эч ким каршы эмес бирок башка жака чыкса билбейт экенмин бул жөнүндө маалыматым жок экен балким башка бир жолдору болсо керек”.

Калк арасындагы салт катары калыптанып калган    чыккан кыз чийден тышкары деген коомчулуктагы түшүнүк мындай стереотиптен арылыш керек экендигин тастыктап турат, Гендердик эксперт Бакен Досалиева бул маселенин да жолдорун тапса болорун айтып берди:

“Кыз балдар мыйзам боюнча жерин колдонууга толук укуктуу эгер пайдаланам десе, каражаттан кыйналып жаткан болсо, ал дагы балдарын багыш керек ошол жерин алмашып кетсе болот же болбосо сатып барган жеринен жер алып алса болот”

Кыргыз мамлекети жарандардын бардыгына бирдей карайт. Мыйзамда так ошондой каралган. Бирок тилеке каршы ушундай сыяктуу маселелер чыга калганда, коомчулук мыйзамды бир тараптуу бузуу менен мыйзамга каршы чыга калгандай элес калтырат.

      Жер улушу сюжет СуусамырФМ

Даярдаган: Анарбек Калдыков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *