Суусамырда уйларды кароосуз кое берүүгө тыюу салуу иштери жасалууда

Суусамыр айылында, борбордук көчөлөргө, огороддорго , кароосуз уйларды кое берүүгө тыюу салынууда. Бош жүргөн малдын ээсине, айылдык активистер  уйлардын денесин   “уйунду бадага кош” деген жазуу жазып кайрылышууда.

Жасалып жаткан иштин уюштуруучу, Суусамыр айылдык кеңештин депутаты Адилет Рыскулбеков менен байланышып төмөндөгүдөй жооп алдык:

Мындай ишти жасоо эмне себептен улам келип чыкты?

-“Бул нерсени мен  өзүм уюштурдум. Негизи  көп жыл мурун айылдык кеңеш тарабынан “Көчөгө  мал кое бергенге болбойт” деген чечим чыгып, бирок ал чечим иштебей келген. Биз азыркы айылдык кеңештин депутаттары 15-майдан кийин малды көчөгө кое бергенге болбойт, айып пул күнүнө 300 сом деген токтом чыгарганбыз.  Көпчүлүк деген кыйын экен. Баарибир бул нерсе токтогон жок. Көчөлөрдү булгап жана башка элдерге да зыян алып келип жатат. Биз айыл элине уйларды жайлоого кеттирип же болбосо айыл ичиндеги бадага кошкула деген талап коюп жатабыз.”

Айыл тургундары кандай кабыл алышты?

-“Ар кандай кабыл алып жатышат. Жаман коруп да же тескерисинче жакшы кылып жатасынар дегендер да болду. Бирок биз 10 күн мурун эскертүү бергенбиз. Эгер  малды бош кое бере турган болсо анда дал ушундай иш жасайбыз деп. Биз  сөзүбүзгө турдук.  ”

Жасаган ишиңиздер кандай жыйынтык берип жатат?

-“Жакшы эле жыйынтык берип жатат. Көпчүлүгү бадага кошушту уйларын. Бирок дагы деле аз сандагы уйлар көчөлөрдө жүрөт. Буларга дагы эскертүү беребиз, эгер аны да угушпаса анда башка чараларды да колдонгонго туура келет.”

      суусамырда кароосуз уйларга тыюу салынууда MP3

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *