Изображение

Суусамыр: Спорт аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү

Суусамыр өрөөнүндө, 1-май айылында, салынып жаткан спорт аянтчасынын ачылышы аземи болуп өттү. Бул иш-чара 1-май айылдык айыл башчы тарабынан уюштурулду. Суусамыр өрөөнүнүн 5 айылынан мектеп командалары жана айыл ичиндеги командалар болуп  кызуу оюн өткөрүштү.

Спорт аянтчасынын ачылышы  жогорку денгээлде өтүп, 1-орунду алган команда кубок, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми 2-3-орунду алган командаларга медаль жана акчалай сыйлык тапшырышты.  1-орунду Суусамыр орто мектебинин окуучулары, 2-орунду Тунук айылынын чонңдор командасы жана 3-орунду 1-Май айылынын мектеп окуучулары багындырды.


Бул тууралуу айыл башчы Сапарбек Кулболдиев мындай деди:

«Бугунку оюн аябай жакшы  өтүп жатат, 2 айылда спорт аянтчасынын ачылышы болуп жатат. Биринчиси Суусамыр айылында 11:00до болуп өттү. Бизде 14:00до башталды. Спорт аянтчасы 2 айылга салынды. Суусамыр айылы жана 1-май айылы. Спорт аянтчасынын курулушуна Суусамыр айылдык  өкмөтүнүн өздүк бюджетинен 2млн 726мин сом бөлүнүп берилген.»
1-Май айылынын мектеп командасынын тренери жана мектептин дене-тарбия мугалими Исланбек Бейшенбеков иш чара боюнча өз оюн айтып өттү:


» Спорт аянтчасы  бүткөндөн соң жакшы сезимдер болуп жатат, окуучуларга, айыл тургундарына дагы.  Ошондой эле бугун окуучулар жана айыл футболисттери жакшы оюн көрсөтүп жатышат.Азыркы мезгилде жалпы 10 команда ойноп жатат, алардын 5 командасы оюндан четтетилип, 5 команда жарым финалда оюн көрсөтүшөт. 1-май айылынан 2 команда катышып жатат, мектеп окуучулары жана айыл тургундары. Окуучулар жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп жатышат.  Спорт аянтчанын орду мурун биздин кичи аянтча болчу, ошол жерге оюн ойноп даярдык көрчүбүз.»
1-май айылынын мектеп окуучусу жана команда мүчөсү Жанбулат Жумабеков айылда мындай чон маареке боло электигин билдирип сезимдери менен бөлүштү:

«Бүгүнкү оюн абдан кызыктуу болуп жатат,  ар тараптан командалар келип мыкты оюн корсотуп жатышат. Биздин айылда буга чейин мындай чон маареке боло элек болчу. Биздин командада өзүбүздүн эле мектеп окуучулары ойнойт. Буга чейин башка айылдарда болгон мелдештерде  ушул эле командада ойноп келгенбиз. Бүгуүн дагы ошол эле команда болуп куралып чыктык. Тренерибиздин машыктырганына караганда мындан да күчтүү оюн көрсөтүшүбүз керек болчу, бирок эми болгон аракетти жумшап жатабыз. Баардык команда оюнчулары күчтүү экен ошого байланыштуу колдон келген аракетти жазап жатабыз. Оюн чындыгында кыйынчылык менен өтүп жатат, себеби мурун мындай талаада ойноп корбогондуктон анын үстүнө футбол аянтчабыз бүтө элек болуп таптакыр ойной элек болчубуз. Ошого байланыштуу кыйынчылык болуп жатат жана башка командалардын күчтүүлүгү таасир этип жатат. Азыркы мезгилде жарым финалдан  өттүк, финалга жакындап бара жатабыз.»

«Бугунку кундо 1-Май айылында футболдук аянтчанын ачылышы болуп, жакшы оюн болду. Биз жетектеп келген Суусамыр орто мектебинин окуучулары абдан жакшы оюн көрсөтүшүп,  ийгиликке жетишти. Биздин айылда дагы ушундай футболдук аянтча ачылган болчу. 3 кун балдар ойноп бири-бирине көнүп калышкан. Ага чейин дагы өздөрүнчө ойноп жатышкан.»-деп билдирди 1-орунду алган команданын машыктыруучусу Турат Эшкожо уулу.

Жеңишти багындырган команданын команда капитаны Данияр Досумбеков оюн жакшы өткөндүгүн  билдирип өттү:

» Мен учун оюн аябай жакшы өттү. Баардыгы туура жана калыс болду деп ойлойм. Баардык командалар аябай күчтүү экен, оңой болгон жок, баардыгы ойдогудай болуп жакшы болду. Өз ара ойноп жүрчүбүз. Тренерди канааттандырдык.»
2-орунду ээлеген Тунук айылынын чондор командасынын мүчөсү Жээналиев Кенжебек оюнду уюштургандарга ыраазычылыгын билдирди:
«Бүгүнкү оюн жакшы өтүп жатат, спорт аянтчасы дагы жакшы салыныптыр. Спорт аянтчасын салып бергендерге чон рахмат жана оюнду өткөрүп жаткан балдарга рахмат. Биздин командада Тунук айылынын тургундары бар. Оюн татыктуу өттү, баардыгы тынч өттү уруш- талаш болгон жок.»


Өрөөн ичинде ушундай көптөгөн оюндар, спорттук иш-чаралар  болуп турса айыл тургундарына жана окуучуларга жакшы маанай тартуулап, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырат.

      спорт аянтча жанылыкmp3

Даярдаган: Толгонай Самудинова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *