Ала качуу

Дүйнө жүзү боюнча кыз ала качып, никеге турууга мажбурлоо 17 өлкөдө бар.Алардын ичине Кыргызстан да кирет. Иликтөөлөргө таянып айта турган болсок үй-бүлөлөрдүн 80 пайызы ушундай жол менен куралган.Ала качуулар болуп отуруп акыры эл арасында салт катары да калыптанып калган. Кемпирлердин “биз деле ушинтип сендей болуп күйөөгө ыйлап келгенбиз, кыз жыргаар жерине ыйлап келет, таш түшкөн жеринде оор”,-  деп ала качууга дуушар болгон кызга карата айтылган сөздөрү тастыктап турат.Мындай жол менен куралган үй-бүлө тилекке каршы көп учурда ажырашуулар менен аяктайт. Өлкөдө мажбурлап никеге тургуузууга каршы 2012-жылы мыйзам чыгарылган.Ошондон тартып ала качуулар бир кыйла азайгансыды, бирок дале анын  аягы сууй элек. Гендердик эксперт Бакен Досалиева аймактарда ала качууга каршы мыйзам тууралуу маалымат толук жеткен эмес деп эсептейт, ошондуктан ала качуу жөрөлгөсү тыйылбай жаткандыгын айтты.“2012-жылы ала качууга каршы мыйзам кабыл алынгандан кийин статистика азайды бирок токтогон жок, токтобой келе жатат бирок азайды. Мындай нерсе биздин каныбызга синип калгандыгынын себеби, Союз учурунда экономикалык абалдан улам ала качууга жол берилген. Ал учурда чын ниеттен үйлөнөм турмуш курам деп ала качышчу, бирок кийинки жылдарда кыздын тагдыры менен ойной баштаганда ушул мыйзам чыккан. Чын ниеттен үйлөнөм деген адам жакшынакай сүйлөшүп турмуш курса деле болот.Токтобогону стереотиптик көз караш, элдин ала качууну токтотуу тууралуу мыйзам бар экендигинин билбегендиги”  Ала качуудан көбүнчө кыз-келиндер жабыркап өз тандоо укуктарынан кол жуушат, турмуштары болбой ажырашып келсе ата-энелеринин басмырлоолоруна  туш болушат. “Бизди уят кылдың чыдап жашабайт белең”,- деген сөздөрдү угушат. Суусамыр айылдык кеңештин депутаты Асаналиев Зоодон: “ала качуу илгери туура болчу азыр моралдык жактан алганда дагы туура эмес мен буга каршымын”,- дейт.“Ал кезде замандын талабына жараша кыздар эркектер менен ачык сүйлөшүүдөн тартынып, ийменип турушчу ошондо жигиттер ала качып кетишчү, азыр андай эмес. Заман, түшүнүк башка. Азыр мен ала качууга каршымын”. Суусамыр айылынын тургундарынан кыз ала качуу мажбурлап никеге тургузуу боюнча ойлорун угуп көргөнүбүздө алардын көпчүлүгү кыз ала качуу туура эмес деген пикирлерин айтышты. Алар кыз ала качуу мурда элге маалымат анча жеткиликтүү эмес болгондуктан, интернет телефон жок болгон учурда ала качууга мажбур болушкан, кыз менен жигит сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк аз болгон деген сыяктуу ойлорун айтышты.“Кыз ала качуу туура эмес көрүнүш. Кыз менен бала сүйлөшүп турмуш курбаса, ала качып баргандан кийин жагабы жакпайбы экөөнүн турмушу болбой калышы мүмкүн, ошол себептен кыз ала качуу терс көрүнүш. Кыз ала качуу-бул уурулук”. “Аял менен эркектин укуктары бирдей болуш керек. Ар бир адамдын өз тандоолору бар. Азыр биз укуктук коомдо жашап жатабыз. Мен кыз ала качууга каршымын. Кыз менен бала сүйлөшүп турмуш курушса бактылуу жашашат. Менин да чоңоюп келе жаткан эки кызым бар аларды бирөөлөр күч менен ала качып кетишин каалабайм”,- деген ойлору менен айылдык кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров бөлүштү.

“Туура эмес, анткени биз кандай адам болсо алар дагы ошондой адам. Эркектер сүйгөнүнө жеткен сыяктуу алар дагы сүйгөнүнө жетиш керек, анан бактылуу болушат». Коомчулук канчалык ала качууга каршы пикирлерин билдирбесин, ошончолук мындай көрүнүштөрдөн арыла албай келебиз. Гендердик эксперт Бакен Досалиева мунун себебин туура эмес маалыматтар тарап жаткандыгы менен түшүндүрөт.“Биз жер-жерлерди кыдырганыбызда бул мыйзам иштебейт, ал мыйзамды алып салышпады беле деген сөздөрдү угуп калабыз. Дагы эле ала качууну колдогон адамдар жок эмес. Силер ала качуу мыйзамын чыгарып салып эркектер үйлөнө албай жүрүшөт деп кайра бизге кине коюшат.

Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп, келечектин пайдубалын жан шериги менен бирге тургузуп, бактылуулардын катарын толуктаса… Бир келген аманат өмүрдө адам бактылуу болууга укуктуу. Көшөгөң көгөрсүн деген батаны кыз ыйлап жатып эмес, өз эрки менен келип, жоопкерчиликти сезүү менен угушу, келекчектеги бактылуу өмүрүнөн кабар берет.

      Сюжет кыз ала качуу Суусамыр ФМ радиосу

Даярдаган: Анарбек Калдыков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *