Суусамыр: Улуу Жеңиш Майрамы!

9-май-Улуу Жениш күнү! Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Улуу майрамды утурлай Иманжан Бегимкулов атындагы Тунук орто мектебинде баатырларды эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры жана агартуучу Иманжан Бегимкулов эскерилип, балдары жана кыздары куран окушту.

Андан тышкары аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү, мектеп директору, класс жетекчиси болуп Суусамыр айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошкоро атаны куттуктап, белектерин тапшырып келишти.

Эскерүү кече ыр-бий жана окуучулар уюштурган парад менен коштолду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *