1-май эмгекчилердин эл аралык күнү!

1-май  тынчтыктын, жаздын,эмгектин символу экендиги барыбызга белгилүү. Кыргызстанда да  1-май  жаз  жана  эмгек  майрамы деп белгиленет. 1-май майрамы Кыргызстанда  биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг  өткөрүлүп,майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн.Кыргыз элинде “Эл эмгегин  жер жебейт “- деген макал бекеринен айтылбаса керек”, “Жаз- жарыш, күз – күрөш”-дегендей айылыбызда  күжүрмөн  элибиз эмгектин чордонунда  мээнет кылышууда. Бири мончосуна “слив” казып жатса, кээ бирлери жаштарды ойлоп, фудбол аянтчасын куруп жатышат.  Суусамыр  айылынын  тургуну Мукашев  Бактияр эмгекчилер кунүндө кантип эмгектенип жатканын айтып берди: “Биз үчүн 1-май эмгекчилердин майрамы .Быйылкы жылдын эсебинен  Суусамыр жергесинде   көп иштер  кылынып жатат.Үйдө  ич-ара  жумуштарды бүтүрүп атабыз, тегерек четти тазалап  жатабыз .Азыркы  учурда баняга “слив” казып жатам.Эмгекчил болууга колдон келген иштерди кыла берип, Суусамыр жергесин өнүктүрө бериш керек.”Кызыл – Ой  айылынын тургуну Керимбеков Жарашбек  Суусамыр айылындагы курулуп жаткан фудбол аянтчада иштейт. Ал бул күнү  фудбол аянчаны куруу менен  эмгектенип жатат:“Мен үчүн 1-май  чоң майрам, бирок азыр майрамдын кызыгы кетип калды мурункудай майрамдаган деле киши жок.Союз мезгилинде эң чоң майрам болчу, “Эмгекчилердин эл аралык майрамы”- деп айтылчу.  Биз үчүн жумуш майрам болуп калды. Эмгекчил  болуш  үчүн талыкпаш керек, ар дайым кылган  жумушунду акырын чыгууга аракет кылып, эч убакта жалкоолукту мойунга мингиспей өзүңдү  ар дайым тыкан жыйнактуу жүрүш  керек. Биз былтыр бүтпөй  калган объекти бүтүрүп жатабыз, бул мини фудболный поля.Суусамыр айылы үчүн салынып атат. Муну айыл өкмөтү  салдырып атат. Былтыр күздө каар жаап ийип бүтпөй калган, быйыл аягына чыгыш үчүн эмгектенип жатабыз”.

Ак  эмгектин үзүрүн , күздө көрөрүбүз анык. Ким көп эмгектенсе анын жашоосу  үзүрлүү болору, турмушу барчылыкта өтөөрү айдан ачык кеп.

 Даярдаган: Гүлзар  Сарымсакова.

Мыкты макала сынагына.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *