Суусамырдагы малдардын саламаттыгы Сагынбектин колунда

Акыркы 5 жыл аралыгында кыргызстанда  мал-чарбачылыгына алардын саламаттыгына көбүрөөк конул бурула баштады. Бул иш-чара Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ уюмуна кошулгандан баштап, колго алынды.                     Мейманкулов Сагынбек Суусамыр айылынын тургуну, жаш ветеринар. Окуусун бүтүп келгенден бери Суусамырдагы ветеринардык адистигин моюнга алган. Кадимкидей эле адамды карагандай, малдарга “капельница” коюп, тууттан кыйналган  малдарды “кесерования” кылып, тургундарга жардам берет. Анын айтымында “адамга караганда малды дарылаган кыйын”, “мал ооруса бул жерим ооруп жатат деп айта албайт”- дейт.Биздин алгачкы жумушубуз жеке ветеринардык кесип.  Азыркы жазкы сезонго карта “шарып”, “кара сан”ооруларын  ваксинацияларды жүргузүп жатабыз. Жана атайын лечениялар да келип жатат.”Жакында эле Суусамырлык мал доктурларга жайыт комитети жана АРИС долбоору тарабынан мотоциклдер жана ветеринардык аспаптар берилген. Суусамыр айылынын жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы Асаналиев Зоодан Баяманович берилген мотоциклдер жана аспатар тууралуу кененирээк маалымат берип кетти:Мотоциклдар АРИС тин  жайыттар менен мал-чарбачылыгын жакшыртуу долбоору алкагында берилди. Биздин  айыл өкмөттүн  аймагындагы 3 жеке ветеринраг берилди. Бул аунаа каражат сыяктуу, тоодогу, айылдагы малчылардын малдарын дарылоо үчүн, бекер берилди. Мындан тышкары 3 жеке ветеринарга баасы 1000 долларлык ветеринардык аспаптар берилди. Бул аспаптар  окууларын жаны бутуп келгендерге стимул катары берилди. Булдардын жалпы баасы 105 000сом болду, 73000 сом мотоцикл болсо, калгандарына ветеринардык аспаптарды алдык.Булардын бири Суусамыр, Кайсар, Тунук айылдарын тейлөө үчүн Мейманкулов Сагынбекке, экинчиси 1-май айылын кароо үчүн Бактияр деген балага , ал эми учүнчүсү: Кызыл-ой айылындагы Азат деген балага берилди.Бул идея негизинен долбоордун программасында бар болчу. Жогоруда айткандай эле бул мотоциклдер жана ветеринардык аспаптардын бардыгы АРИС долбоорунун негизинде келип жатат”.Эшкожо уулу Туратбек Суусамыр айылынын тургуну. Жакында эле анын уйу тууттан кыйналып жатканда, Мейманкулов Сагынбекти чакырган.  Ал тууттан кыйналган уйду “кесерования” кылып төрөтүп, музоосу да уйу да аман калган. Мына ушул тууралуу Туратбек өз ою менен бөлүштү:Бул уй биринчи туут кунаажын болчу. Ошол уйдун музоосу чоң болуп, тууй албагандыктан ветеринарларды чакыргам. Алар келип “кесерования” кылып, музоосун алып чыгышты. Азыркы учурда музоонун да, уйдун да абалы өзуңүздөр көрүп тургандай  жакшы. Буйруса операция ийгиликтүү аяктады(күлүп).”

Ал эми азыркы учурда ал уйдун абалы эң жакшы.

Мейманкулов Сагынбек жана Суусамыр айылынын бардык мал доктурлары азыркы учурда айыл тургундардын алкышына татып, раазычылыгына ээ болуп жатышат.

      суусамырдагы мал доктурлар

Даярдаган: Назима Акишбекова.

Мыкты макала сынагына.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *