Мектеп окуучулары Ак үй менен таанышты

Суусамыр өрөөнүндө өткөрүлүп турган «Акыл ордо» жана «Парламент сүйлөйт» долбоорлорунун жеңүүчүлөрү Жогорку Кеңешке барып келишти.

Бул долбоорлордун туруктуу демөөрчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев. Быйылкы жылды эске алганда, үчүнчү жылы окуучуларга мындай иш-чара өткөрүлүп жатат. Окуучулар Жогорку Кеңешке барып, Ак үй менен таанышып, жыйынга катышып, депутаттар менен пикир алышып жана  эс алып келишти. Кеткен чыгымдардын бардыгы демөөрчү тарабынан каржыланат.

Суусамыр өрөөнүнүн 5 мектебинен, окуучулар тандалышат. «Акыл ордо» долбооруна тандоо тестинен өткөн 5 окуучу жана «Парламент сүйлөйт» радио сынагынан жеңип алган 5 окуучу. Жалпысынан 10 окуучу жана долбоорлордун авторлору менен биргеликте барышты.

Быйылкы жылдагы тандалган окуучулар:

Түркмөн орто мектебинин 10-классынын окуучусу «Акыл ордо» долбоорунан тандалган окуучу: Жапарбек уулу Эмилис.

Түркмөн орто мектебинин 10-классынын окуучусу «Парламент сүйлөйт» долбоооунун  президенттер таймашынын жеңүүчүсү: Кадырбеков Алымбек.

Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин 10-классынын окуучусу «Акыл ордо» долбоорунан тандалган окуучу: Бакталбекова Айпери.

Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу «Парламент сүйлөйт» долбоорунун Маданият министрлери таймашындагы жеңүүчү: Женишбекова Айжан.

Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу, мектеп ичинде өткөрүлгөн «Акыл ордо» таймашынын жеңүүчүсү: Мирланбек кызы Гүлаида.

Эскерте кетчү нерсе, өрөөн ичиндеги «Акыл ордо» таймашынан тандоо тестинен өткөн окуучу Самудинов Амантур эле, бирок ал 2018-жылы өткөрулгөн «Парламент сүйлөйт» долбоорунун Ден соолук жана спорт министрлер таймашынан жеңип, Жогорку Кеңешке барып келгендиги үчүн, ал бул жеңишин кайрадан эле мектеп окуучуларына арнады. Мектеп ичинде «Акыл ордо» таймашын өткөрүп, таймаштан жеңип чыккан окуучу Мирланбек кызы Гүлаида болду.

  • Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу «Парламент сүйлөйт» долбоорунун билим министрлер таймашындагы жеңүүчү: Самудинова Толгонай.
  • Кадырбек Конушбаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу » Акыл ордо» долбоорунан тандалган окуучу: Халил Ибрагим.
  • Кадырбек Конушбаев орто мектебинин 9-классынын окуучусу» Парламент сүйлөйт» долбоорунун премьер министрлер таймашындагы жеңүүчү: Акишбекова Назима.
  • Иманжан Бегимкулов орто мектебинин 11-классынын окуучусу «Акыл ордо» долбооруна тандалган окуучу: Абазбек кызы Айзат.
  • Иманжан Бегимкулов орто мектебинин 11-классынын окуучусу «Парламент сүйлөйт» долбоорундагы ден-соолук жана спорт министрлер арасындагы таймаштын жеңүүчүсү: Айылчиев Нуркан.

Ошондой эле «Акыл ордо» долбоорунун автору Медетбек кызы Аида жана «Парламент сүйлөйт» долбоорунун автору Айзада Калканбекова.

Катышуучулардын айтымына караганда, бардыгы мыкты дрңгээлде болду жана ар бир окуучуга келечекке карай умтулууга дем берди. Жогорку Кеңештен тышкары шаар ичиндеги эс алуучу жайларга да барып келишти. Жыл сайын жеңүүчү окуучулардын катарына кирип, мектеп парламентине мүчө болуу ар бир окуучунун максатына айланды.

Даярдаган: Самудинова Толгонай

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *