Monthly Archives: Январь 2020

Аз камсыз үй бүлөөлөргө жардам

Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кийим кечээ таратылып, жардам көрсөтүлдү.

Continue reading

Кыздар да мураскер болуу укугуна ээ

 

Бүгүн биз эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт деген темага токтолобуз.
Алгач, эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт ? — ушул суроого айыл тургундарынын жоопторун уксак:

1. “Илгерки ата бабадан берки келе жаткан салт, мурас эркек балага калат. Кыз бала турмушка чыгып кетет, а эркек бала үйдө ата-энени багат. Мен балдарыма мураска калтырам.”
2. “Менин оюмча ата-эне мурасты кыз балага карабай, тең бөлүп бериш керек”
3. “Ата-эненин мал мүлкү эркек балага калыш керек деп ойлойм.”
4. “Кыз бала деле мураскер болсо болот. Мисалы менин эжеме ата-энем мурас катары үй белек кылышкан.”

      Суусамыр фм__мурас сюжет! 2

Мыйзам кыз балага жана эркек балага бирдей мураскер болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, ага карабай калк арасында кыз баланы бөлөк үй-бүлөө катары көргөндөр да четтен чыгат. Бирок, жогорудагы сурамжылоодогу жооптордун айрымдарын төмөндөгү каарманыбыз төгүндөөрү бышык.
«Мен турмушка чыккандан кийин, ар кандай себептерден кыйынчылыктар көп болду. Жалгыз бой келин катары, өз жеке ишимди баштоодо, жашоомду андан ары улантууда оор болду.»

Continue reading

Эс алууну билбеген метеорологдор

Даниил Сапышев 30 жылдан ашуун убакыттан бери Суусамыр метеостанция бөлүмүндө жетекчилик кызматты аркалайт. Ал жетектеген метеостанциянын кызматкерлери абанын кубулушун, абанын өзгөрүшүн текшерип, 24 саат боюу тынымсыз иштешет. Мекемедеги 6 кызматкер, 3 саат аралыкта топтолгон маалыматты кыргыз гидромет кызматына жөнөтүп турушат.

Эң кызыгы аларда майрам күн, дем алыш күн деген түшүнүк жок. Мындан улам метеорологдордун жумушунун оррдугун билсек болот.

Continue reading

Мөөнөтү жок иштеген мал доктур Сагынбек

Суусамырдагы тажрыйбалуу мал доктоур Сагынбек Мейманкулов Суусамыр фм радиосунда түз эфирде конокто болуп, Суусамырдагы малдын саламаттыгы,  өз ишмердиги туурасында айтып берди. Ал Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Университетин аяктаган. 12 жылдан бери өз кесибин сүйүп иштейт. 2017-жылы кичи мекени Сусамырга келип жеке ветеринардык адистик кызматты аркалай баштаган.

Continue reading

Эмне үчүн айымдар декларация толтурбайт

Алдыда Кыргызстандагы көпчүлүк айымдар эмне үчүн декларация толтурбайт?-деген суроо алкагында даярдалган сюжетке көнүлүңздү бурабыз.

      Аялдар эмне учун декларация толтурбайт, Суусамыр фм

«Менде декларация жөнүндө түшүнүк  деле жок, толтуруп көргөн эмесмин. Себеби биздин үй бүлөөнүн  мүлктөрү бардыгы жолдошума катталган. Биздин  үйдө жолдошум киреше алып келүүчү, жана мен ага ишенем.»

Бул   Суусамыр айылынын тургуну Элнура Адылбек кызы. Ал башка кээ бир келиндерсыяктуу эле бирдиктүү салык декларациясын толтурбайт. Өлкөдө мындай учурлар аз эмес. Буга көбүнчө келиндер күйөөсүнө ишенээрин  же үй бүлөөнү эркек башкарыш керек деген жооп айтышат.

Continue reading