Monthly Archives: Декабрь 2019

Айыл өкмөттөрдүн тең укуктуулукту жүзөгө ашыруудагы мааниси

Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жанаалардын  тең жана ажырагыс укуктары эркиндиктин,  адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп саналат. Адам укуктарын  этибарга  албоо жана жек көрүү адамзаттын абийиринжийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин билебиз. Адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чы-гууга  аргасыз  болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу анын ичинде эреюкектардин жана аялдардын мыйзам күчүменен корголушу зарыл экендигин көңүлгө алышыбыз керек.

      Аялдардын жана эркектердин укуктарын ишке ашырууда айыл окмоттордун орду Суусамыр фм

Continue reading

Эрте нике куруу эне жана бала үчүн ден соолукка зыян

Кыргызстанда эрте турмушка чыгуунун саны өсүп,  соңку жылдары эрте төрөттөр көбөйдү. Булар үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, зомбулукка, ажырашууга алып келет дешет адистер.

      Эрте турмушка чыгуу Суусамыр фм

Жашы жетелектерден тарта он сегиз, он тогуз жашта турмушка чыгуу эрте деп эсептелет. Бул курактагылардан төрөлгөн балдардын санына жараша эрте турмуш куруу көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн  чоң маселелердин бири. Тиешелүү пайыздык катыш менен алсак, 2008-жылы эрте төрөгөндөрдүн саны 1000 аялга 62,7 пайыз туура келчү. 2015-жылы бул 92,5 пайыз болуп жатат. Бул 18-19 жашта турмушка чыгып, балалуу болгондор. Ал эми 15-17 жаш арасындагылар жети пайызга өсүп жатат. Суусамыр өрөөнүндөгү абалды билүү макстында Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгартка кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык:

Continue reading

Аялдарга карата зордук-зомбулук

25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, Суусамыр өрөөнүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана үй-бүлөодөгү кыз-келиндердин орду тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.

      Аялдарга карата зордук-зомбулук Суусамыр фм

Негизинен Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.Канчалык иштер жасалып, аракет кылынган менен, мунун тамыры өтө терең болгондуктан көйгөй чечилбей келет. Маселе тууралуу “Аялдарды коргоо” борборунун директору Бакен Досалиеванын оюн уктук:

Continue reading

Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы 16күндүк акция

16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулкка каршы күрөшүү компаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.

 

Continue reading

Орундалган кыял-жаркын келечек

Заман өнүккөн сайын ар түрдүү кесиптин да түрлөрү көбөйө баштады. Бүгүнкү күндө коомчулукта, аялга же эркекке гана тиешелүү кесип деген стереотиптер калыптанып калган. Дал ушундай стереотиптердин айынан уул баланын өзүнө жаккан кесибин тандоосунда көпчүлүк ата-энелер ал аялдын кесиби, кыздын жумушу деп каршы чыгып, баланын келечегине бут тоскон жагдайлар катталат. Мисалга алсак, модель болуу, дизайнер, чач тарач, тикмечи ж.б. Баланы колдоонун ордуна жада калса айылда калып мал чарбачылык менен алектен деген шарт койгон учурлар аз эмес. Жыйынтыгында бала ата-энесинин сөзүн угуп, өзүнө жакпаган кесиптин ээси болуп, же таптакыр кесипке ээ болбой калышы мүмкүн. Алардын кыял-максаты ошол бойдон кала берет.
Каарманыбыз Алмазбек Бийсеев Суусамыр өрөөнүндө, үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунда тиш дарыгери кызматын алып барат. Бала кезинде кыялданган кесиптин ээси болуп, бүгүн мынтип кесибин суйүп иштейт:

Continue reading