Monthly Archives: Октябрь 2019

Аялдардын саламаттыгы начар абалда

Кыргызстанда аял затынын учурдагы салматтыгы көйгөйлүү маселелердин бири. Бир топ жылдан бери, өлкөдө аялдардын  ден-соолугунун начар  абалы боюнча ар түрдүү кептер айтылып келет. Мунун себеби катары мамлекеттин өз жарандарынын саламаттыгына жетиштүү салым кошо албай жаткандыгы, жетиштүү жумуш орундары менен камсыз боло албай, үй-бүлөдөгү каражаттын жетишсиздиги да буга себепчи. Муну менен катар адистер аялдардын өз ден-соолугуна жеткиликтүү кам көрбөгөндүгүн мисал келтиришет. Жумушсуздуктун айынан кыз келиндер башка чет өлкөгө жумуш издеп барып ар кандай ооруларга чалдыгышат. Ал жакта каттоодо турбагандыктан ооруканага кайрыла алышпайт. Өз алдынча дарыланып, оорулары күчөп кеткен учурлар катталууда.

      Эне ден соолугу сюжет Суусамыр ФМ

Continue reading

Суусамыр айылында кийим тигүүчү жай ачылды

Суусамырда кийимдин түрлөрүн тигип чыгаруучу цех ачылып иштеп жатат.

Continue reading

Кыргызстанда эркектер ден-соолуктарына кам көрүшпөйт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. «Ушул тапта эркектерди дарылоодон көрө ар кандай оорулардын алдын алууга артыкчылык берилип жатат. Анткени эркектер аялдарга салыштырмалуу 10-15 жылга азыраак жашайт. Буга эркектердин дарыгерге абдан кеч кайрылганы себеп болууда.Ошондой эле перзентсиз үй-бүлөлөрдүн 40-60 пайызынын негизги себеби — эркектердин тукумсуздугу.

Кыргызстанда  эл аралык уюмдардын көмөгү менен эркектердин ден-соолугуна арналган жумалыктар акыркы жылдары байма бай өткөрүлүп келе жатат. Бул иш чарада эркектердин ден-соолугу акысыз текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт Бирок мындай аракеттер азырынча натыйжа бере элек. Кыргыз Мамлекеттик Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун врач-эксперти Сариева Лилиянын айтымында, эркектердин учурдагы саламаттыгы начар мындай жыйынтыка аймактарды кыдырып калктын ден–соолугун анализдеп келгенден кийин келген.

      Суусамыр ФМ сюжет Ата ден соолугу

Continue reading