Monthly Archives: Июнь 2019

Суусамырда Улуу Кожомкул балбандын 130 жылдык маараке тою өткөрүлөт

29-30-июнь күндөрү  Суусамыр жеринде дүйнөгө таанымал, улуу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааркесине арналган той өткөрүлөт. Бул тууралуу Суусамыр  FM радиосунун түз эфиринде тойдун уюштуруу комитетинин мүчөсү Адилет Рыскулбеков айтып берди.

Continue reading

Насыя алуучунун укуктары жана милдеттери

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде “Демократия сааты” долборрунун алкагында уюшулуп жаткан “Насыя алуучунун укуктары жана милдеттери”  деген теманын алкагында талкуу уюштурулду. Эфирдин коногу  Кыргызстандагы “Компаньон” банкынын Суусамыр сактык кассасынын жетекчиси Жылдыз Бердикожоева менен  насыя алуудагы эрежелер, укук-милдеттер туурасында сөз болду.

Continue reading

Суусамырда уйларды кароосуз кое берүүгө тыюу салуу иштери жасалууда

Суусамыр айылында, борбордук көчөлөргө, огороддорго , кароосуз уйларды кое берүүгө тыюу салынууда. Бош жүргөн малдын ээсине, айылдык активистер  уйлардын денесин   “уйунду бадага кош” деген жазуу жазып кайрылышууда.

Continue reading

Изображение

Суусамырда сууга агып кеткен 3 жаштагы бала табыла элек

2019-жылдын 2-июнь күнү Суусамыр өрөөнүндө Бишкек шаарынан келген жарандардын баласы сууга агып кетти деген маалымат тараган. Болуп өткөн окуя тууралуу  Суусамыр айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт төмөндөгү маалыматтарды айтты:

Continue reading

Суусамыр FM радиосунда ас камсыз үй бүлөөлөргө берилчү жөлөк пул темасы талкууланды

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде “Демократия сааты”  долбоорунун алкагында, ас камсыз үй-бүлөөлөргө берилчү жөлөк пул темасында талкуу болду. Талкууда Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо адиси Надира Эсенгулова конокто болуп, суроолорго жооп берип, жөлөк пул кандай шартта бериле тургандыгын айтып берди.

Continue reading

Суусамырга кар жаап, шамалдын кесепетинен бак дарактар кулады

2019-жыл 8-июнь күнү Суусамыр өрөөнүндө аба ырайы бузулуп, кар жаап, айыл тургундарын ыңгайсыз абалда калтырды. Электр зымдары аварияга учурап, интернет байланышына тоскоолдук жаратты.

Continue reading

Суусамыр айыл өкмөтүнүн 28-кезексиз сессия отуруму болду

Бүгүн 7-июнь саат 9:00до Суусамыр айылдык  кеңешинин 6-чакырылышынын 28-кезексиз сессиясы болду.

Continue reading

Суусамыр: “Улуу Орозо айт” майрамы

Бүгүн 5-июнь дүйнөдөгү мусулман элдери орозо айт майрамын белгилөөдө. Орозо айт — өз ара элдешүүнүн, кечиримдин, бейпилдиктин, аруулануунун майрамы жана мусулмандардын өткөн чактагы араздашууну, түшүнбөөчүлүктү, капачылыкты унутуп, өз ара элдешүүсүнүн кезеңи.

Бул күндү Суусамыр эли да шаң менен майрамдоодо. Алгач тан эрте саат 7:30да Суусамыр жергесинин борбордук мечитинде салтанаттуу  “Айт-намазы” окулду. Намаздан кийин куттуктоолор айтылып, айт майрамы башталды.

Continue reading

Энелер күнү

Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Тогуз ай толгоо тартып, жарык дүйнөгө алып келген апалар баласы үчүн эмнени гана кылбайт. Тамтуң басып калганда наристеси жыгылып кетсе эненин жүрөгү солк этет. Алыска кетсе санаасы санга бөлүнүп уул кызынын амандыгын тилеп, кирпик какпай таң атырган да эне. А түгүл үй жайлуу болгон маалда да, балам келет деп сары май менен токочун камдап, аларды учурган уяда сагынып күткөн да эне. Continue reading

Изображение

Суусамыр: Спорт аянтчанын ачылыш аземи болуп өттү

Суусамыр өрөөнүндө, 1-май айылында, салынып жаткан спорт аянтчасынын ачылышы аземи болуп өттү. Бул иш-чара 1-май айылдык айыл башчы тарабынан уюштурулду. Суусамыр өрөөнүнүн 5 айылынан мектеп командалары жана айыл ичиндеги командалар болуп  кызуу оюн өткөрүштү.

Continue reading