Monthly Archives: Май 2019

Ала качуу

Дүйнө жүзү боюнча кыз ала качып, никеге турууга мажбурлоо 17 өлкөдө бар.Алардын ичине Кыргызстан да кирет. Иликтөөлөргө таянып айта турган болсок үй-бүлөлөрдүн 80 пайызы ушундай жол менен куралган.Ала качуулар болуп отуруп акыры эл арасында салт катары да калыптанып калган. Кемпирлердин “биз деле ушинтип сендей болуп күйөөгө ыйлап келгенбиз, кыз жыргаар жерине ыйлап келет, таш түшкөн жеринде оор”,-  деп ала качууга дуушар болгон кызга карата айтылган сөздөрү тастыктап турат. Continue reading

Элеттик айымдардын түйшүгү

Айыл жергесинде жашаган аялдардын түйшүгү түмөн таң азандан туруп уй саап мал карагандан баштап үй ичиндеги майда жумуштарга чейин алардын мойнунда. Бул себептен элеттик айымдардын окуп билим алууга  саясатка аралашууга  өзүн-өзү өнүктүрүүгө жада калса       эс алууга дагы мүмкүнчүлүктөрү болбойт.  Кээ бир айымдар турмуштун айынан көздөгөнүнө жете албай калса айрымдарын аялдар үйдө гана отуруш  керек” – деген түшүнүк  жипсиз байлап алган. Continue reading

Суусамыр: Улуу Жеңиш Майрамы!

9-май-Улуу Жениш күнү! Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Улуу майрамды утурлай Иманжан Бегимкулов атындагы Тунук орто мектебинде баатырларды эскерүү кечеси өткөрүлдү.

Continue reading

1-май эмгекчилердин эл аралык күнү!

1-май  тынчтыктын, жаздын,эмгектин символу экендиги барыбызга белгилүү. Кыргызстанда да  1-май  жаз  жана  эмгек  майрамы деп белгиленет. 1-май майрамы Кыргызстанда  биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг  өткөрүлүп,майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Continue reading

Суусамырдагы малдардын саламаттыгы Сагынбектин колунда

Акыркы 5 жыл аралыгында кыргызстанда  мал-чарбачылыгына алардын саламаттыгына көбүрөөк конул бурула баштады. Бул иш-чара Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ уюмуна кошулгандан баштап, колго алынды.                     Мейманкулов Сагынбек Суусамыр айылынын тургуну, жаш ветеринар. Окуусун бүтүп келгенден бери Суусамырдагы ветеринардык адистигин моюнга алган. Кадимкидей эле адамды карагандай, малдарга “капельница” коюп, тууттан кыйналган  малдарды “кесерования” кылып, тургундарга жардам берет. Анын айтымында “адамга караганда малды дарылаган кыйын”, “мал ооруса бул жерим ооруп жатат деп айта албайт”- дейт. Continue reading