Суусамыр айылындагы Жинди Сууну кыш тушкөндөн бери дос каптап, окуучулардын мектепке баруусуна, дегеле айыл тургундарына чоң кѳйгѳй жаратууда. Былтыр күзүндѳ бул сууну Тунук айылынын башынан башка нукка буруп коюшчу. Бирок, тилеке каршы ал жакты да дос каптагандыктан, быйыл Жинди Сууну эки жакка теңме-тең бурушкан. Бирок баарибир быйыл суу көп болгондуктан Суусамыр айылын да дос каптап жатат.

Бул дос каптоо жинди суунун аркы ѳйүзүндѳ жашаган окуучуларга чоң көйгөй жаратууда. Окуучулар мектепке келиш үчүн муздун үстү менен өтүүгө мажбур. Андыктан алардын буттары суу болуп, кээ бир окуучулардын бут кийимдери айрылып, ата-энелери үчүнчү жолку бут кийимдерин алып берип жаткандар да бар. Жана да бул дос каптоо бир гана окуучуларга көйгөй жаратпастан, айыл тургундарына да чоң көйгөйлөрдүн бири болууда. Алардын ары-бери өтүүсүнө жана мал сугаруусуна да кыйынчылыктарды туудуруп жатат.
Ошондой эле бул дос каптоо жүк ташуучу унаалар арасында, дегеле кандай гана автоунаа болбосун, алардын өтүүсүнө да чоң маселе жаралып, алар жолду айланып өтүүгө мажбур болушууда. Бирок бул учурда да кооптуу нерселер болуп жатат. Мисалы, мындан бир жума мурун музду алып салуу максатында погручшик автоунаасы музду алып жатып, муз тушүп кетип, сууга кирип кеткен. Ошентип ал техниканы 6 саат дегенде араң алып чыгышкан.

Бул дос каптоо боюнча айыл тургуну Мирлан Чортонбаев өз ою менен бөлүшүп кетти:
-“Бул суу — кышында суу көп болгондуктан каптайт, Тунуктун башынан сууну көп буруп ийишип, ошондон улам суу каптап, балдарыбыз суу кечип, сабака кечигип жатышат.Батинкелери айрылып, көп көйгөйлөрдү кышында жаратат. Көпөрө жакты да суу каптап, машиналар да өтө албай жатат.”

Суусамыр орто мектебинин 6-классынын окуучусу Мамытбекова Айназик мектепке барганда бутубуз суу болуп жатат дейт:
-“Бул жерден өтүү биз үчүн аябай эле кооптуу. Биз мектепке кечикпеш үчүн ушул жерден өтөбүз. Себеби, чоң көпөрөнү айланып өтсөк, мектепке кечигип калабыз. Ошондуктан ушул жерден өтүүгө туура келет. Биз бул жерден өткөндө бутубуз суу болуп, мектепке суу бойдон барып , кайра үйгө барып бутубузду кургаткан күндөр да болот.”
Ал эми Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин уюштуруучу мугалими Абдылдабекова Гүлмира бул иш боюнча айыл өкмөт башчысына эки жолу кайрылгандыгын билдирип, мындай деди:
-“Бүгүнкү күнгө чейин жинди сууну дос каптап, мектепке келип жатканда аябай кыйынчылыктарды туудуруп жатат.Бул боюнча биз айыл өкмөткө кайрылганбыз, анан ошол кайрылгандын негизинде, айыл өкмөт сууну казганга трактор жиберген. Трактор казганда деле баари бир айырмасы жок кузгундап жатат. Дагы деле дос каптап биздин бутубуз суу болуп жатат. Керек болсо, площадка жака чейин суу каптап, мектепке келүүгө аябай кыйынчылык туудуруп жатат. Анан эми бул жерде кичинекей 1-класстар, 0-класстар окуп атышат. Түшкө маал таптакыр эле суу болуп, бизге өтүүгө такыр эле мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Ошол эми бул кеч да болуп калды окшойт. Куз мезгилинде эле сууну башка жакка буруп коюш керек экен да. Себеби, минтип кышкысын суу каптап, кыйынчылыктар болуп жатат. Менин балдарым болсо, көпөрөнү айланып өтүп жатат, бирок ал жактан деле суу каптап, буттары суу болуп, мектепке кечиккен күндөрү да болуп жатат. Ал эми баламдын бут кийими түшүм калып, атасы жамап да берди. Бул көйгөй биздин гана үй бүлөдө болгон жок. Жинди суунун аркы өйүзүндө жашаган балдардын да бут кийими түшүп жатат. Анткени, азыркы бут кийимдер сапатсыз.”

Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиевге кайрылганыбызда мындай деп жооп кайтарды:
-“Бул маселе быйыл биринчи жылы көтөрүлгөн жок. Бул маселе жылда эле болуп келип атат. Бул суу Ак Суу боюнан топ болуп агып келген суу. Ак Коо деген коктунун ортосунан экиге бөлүнөт. Быйыл “Ийри Сууну”теңме-тең бөлгөнбүз. Себеп дегенде, былтырТунука кеткен жарым суусу элге коркунуч жараткандыктан, быйыл теңге бөлгөнбүз. Эгерде мындай иш чараны алпарбай койсок, Тунуктун башындагы 3-4 үйдү толугу менен суу каптап кете турган, андай болбосун деп тепе-тең бөлгөнбүз. Быйыл суу көп болгондуктан ошол “Жинди Сууну” суу катап атат. Эмдиги жылкыга да бюджеттен акча карап атабыз: суунун нугун тереңдетип, дамбаларды бийиктеткенге. Ошондо бир натыйжа чыгат го деген ишеничтебиз. Кооптуу деп да айтууга кыйын, бул табигый нерсе. Биз суунун башын жана көпөрөнүн жээгин эки жолу техника менен бурдук. Биринчисинде толук кандуу бурдук, андан кийин кайра күн жылуу болгонуна байланыштуу , суу кайрадан каптап кетти. Экинчисинде погручшик менен бурдук. Ал погручшик буруп жатып, муз түшуп кетти дагы, 6 саат дегенде аран алып чыктык. Азыркы учурда эч канда нерсе кыла албайт экенбиз, суу каптап келе берет экен баягы тилсиз жоо дегендей. Эми жазында коопдуу учур жаратышы мүмкүн, машыналар ары-бери өтө албай, ошол учурда техникалар менен музду чакканга биз даярбыз.”

Суусамыр орто метебинин уюштуруучу мугалими Абдылдабекова Гүлмира бул иш боюнча айыл өкмөт башчысына эки жолу кайрылган, андыктан биз айыл өкмөт башчысына бул катка кандай деп жооп берээр элеңиз десек, мындай деди:
-“Ал катка биз жооп бердик. Ал кат келип түшөөрү менен техникаларды жибердик. Ал эжейибиз деле күбөө болгон чыгаар, ошол эле күнү болбосо да, бир күндөн кийин техникаларды жиберип, күндүскү саат 10 дон баштап, 4 кө чейин иштешти. Ал эми 4 кийин жанагынтип технткабыз чөгүп кетип, түнкү 10 до чыгардык. Кол менен иштегенге болбойт. Себеп дегенде, сууну бура албайт экенбиз. Техниканын кучү менен ошентип эки жолу бурганга аракет кылдык, бирок натыйжа чыкпай калды.”

Бул дос каптоо маселеси эртерээк чечилип, айыл тургундары коопсуз жашап, айылыбызда кооптуу учурлар аз болсун деген каалоо-тилегибизди билдирүү менен бирге бугүнкү сюжетибизди жыйынтыктайбыз.
Сюжетти даярдаган: Назима Акишбекова.
Мыкты макала сынагы үчүн.