Monthly Archives: Сентябрь 2018

Суусамыр айылында жаңы футбол аянтчасы курулат.

Суусамыр айылынын Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Бул  саамалык кимди да болсо кубандырбай койбойт ары бери ѳткѳн айыл тургундары курулуп жаткан футбол аянчасын ишке берилерин кутуп турган чактары, айыл тургуну Самат Аргымбаевдин оюн билгенибизде мындай деп жооп берди:

             “Жаңы курулуп жаткан спорт аянтчасы бизге абдан кубанычтуу жаңылык болду десем жаңылышпайм. Анткени бизде мурда футбол аянтчасы жок эле, айылдагы жаш балдарга футбол аянтчасы абдан керек эле, азыр кудай буюрса ошол жаш жеткинчектер учун абдан кубанычтуу жанылык болду десем болот. Кимден-ким  ушул футбол аянтчага ѳзүнүн  салымын кошуп демѳѳрчү болуп берип жатса мен тереӊ ыраазычылыгымды айтаар элем.Биздин эми күткѳнүбүз эртереек бүтүп кетсе биз дагы эл катары келип ойноп, кѳптѳгѳн оюндарды уюштуруп чогу машыгып кетсек жакшы болмок .Бул жаңылык  эл-журтту кубантты деп ойлойм. Мен абдан кубанычтамын”

Continue reading

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев орто мектептин ашканасы капиталдык ондоодон откөрүлдү.

 

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев орто мектептин ашканасы капиталдык ондоодон откөрүлдү.

Суусамырдагы орто мектептин ашканасы капиталдык  ондоодон өткөрүлүп, ишке берилди.

 

Бул туралуу аталган орто мектептин жетекчиси Кашкариев Азамат билдирди.

“Ашкана тууралуу айтсак  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын биздин айыл өкмөт тарабынан проэкттин негизинде ишке ашып отурат кече күнү жаны оборудованиялар  баардык талапка жооп бергендей кылып бүт баары орнотулду”  жетекчинин айтымында аткарылган иштер “неско” компаниясы тарабынан жасалды.

“Неско” компаниясынын куруучуларына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү  айтты.

“Бул республика боюнча мектептин столовыйына куханный оборудования коюлду. Республика боюнча 140 мектептен ашык мектептепрге коюлат, бул “ юнеско” компаниясы тарабынан коюлуп жатат. Кухонный обородуванияны азыр койдуруп иштетип жатабыз. Кухняларга электрический плита, холодильник жана стол, стулдарды алып келдик.Июнь айынан бери иштеп жатабыз жана азыркы убакта столовыйдын курулушу бүтүп калды” деп билдирди.

Даярдаган: Айтенир Индусбекова

 

Кыргыз сомуна 25 жыл!

Быйыл кыргыз сомуна 25 жыл толду. 25 жыл ичинде кыргыз сому өзүнүн туруктуулугун далилдеп, күндөн-күнгө коргоочу элементтери жакшырып, атүгүл акыркы чыгарылган 2000 сомдук валюта Эл аралык сынактарда “Эң мыкты” аталды.

Continue reading

Мектептте президенттик шайлоо болду

Бүгүн 12 — сентябрь куну Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде  биринчи жолу президенттик шайлоо болуп өттү.  Бул шайлоону тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира уюштуруп, салтанаттуу турдө тизим  болду. Шайлоого  10-11 класстардын окуучулары талапкерликке койуп, ар  бир талапкер өз программалары менен кеңири тааныштырышты.

Continue reading

Эгемендүүлүк күнүндө активдүү айыл тургундары сыйланды

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында салтанаттуу жыйналыш болуп, айылдын өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары грамоталар менен сыйланышты Continue reading