Monthly Archives: Июль 2018

Жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясы кандай иш алып барууда?

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин агрардык комиссиясынын ишмердүүлүгү тууралуу талкуу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө туруктуу агрардык комиссиянын төрагасы Урмат Алыпсатаров жана мүчөсү Муканбет Койчукеев суроолорго жооп беришип, комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. 

Эфирдин жүрүшүндө айыл тургундарынын ой-пикирлери айтылып, агрардык комиссия жакшы иштебей жатат деген сын-пикирлер айтылып, кээ бирлери жакшы иштеп жатат деген ойлорун билдиришти. Андан тышкары Суусамыр айыл аймагындагы жер участоктору менен байланыштуу кандай көйгөйлөр бар экендигин да баса белгилеп, чечүү жолдорун да айта кетишти.

Даярдаган: Анарбек Калдыков

Кыз ала качууну токтотуу керек!

«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын алкагында «Кыз ала качуу бул-кылмыш» деген темада, студиянын коногу айымдардын укугун коргоп жүргөн активист айым Айнагүл Мураталиева маек курду. Continue reading

Тез арада курулуучу, сапаттуу “Тез там” үйлөрү

Суусамыр «FM» радиосунда “Заман” программасынын алкагында “Тез там” курулуш компаниясынын ишмердүүлүгү туурасында түз эфир болду.  Бул курулуш компания Кыргызстанда экологиялык жактан таза, тез бүтүүчү орто баадагы үйлөрдү салып иштетишет.

Continue reading

Балдарга мотивация берген демократия жайкы лагери

20-30-июлда  «ММК колдоо борбору»  тарабынан “Демократия лагери”  аталыштагы тренинг болуп өттү.

Continue reading