Monthly Archives: Июнь 2018

Видео

«Үй-бүлөдө айымдардын укугу корголобу?» темасында талкуу болду

«Суусамыр FM» радиосунда «Демократия сааты» программасынын кезектеги уктуруусу үй-бүлөдөгү айымдардын укугуна байланыштуу болду. 

Continue reading

Радионун ыктыярчы кабарчысы журналист болууга бел байлады

Суусамыр өрөөнүндөгү “Суусамыр FM” радиосунун 3 жылдан берки кабарчысы Самар кызы Зыйнат быйыл мектепти бүтүрүп жаткан кези. Буга чейин ал келечектеги кесибин тандап койгон. Ал  журналистика факультетине тапшырууга бел байлады.

Мектепте окуп жүргөнүндө эле көптөгөн ийгиликтерди багындырып, ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасады. Зыйнат «Ак-тилек» уюмунд президент болуп, окуучуларга үлгү көрсөтүп, мугалимдердин сыймыктуу окуучусу болду. Ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды алды. Атай кетсек, Райондук олимпиадага катышып, “Аялуу жан сырым” сынагынан 2-орунду багындырган. Жана ошондой эле Суусамыр өрөөнундөгү мектептер арасындагы “Парламент сүйлөйт” сынагынын  президенттер таймашынан 1-орун алып, Жогорку Кеңешинин депутаты Конушбаев Тынчтык Кадырбековичтен  ардак грамота жана уюлдук телефон белекке алып, Жогорку Кеңешке барып келүүгө жолдомо алган.

Зыйнат “Суусамыр FM” радиосунда 3 жылдан бери иштеп келе жаткандан бери  көптөгөн семинарларга жана сынактарга катышып, келечектеги мыкты журналист болууга багыт алды. Жакында эле КТРК нын чакыруусунда “Замана” таңкы берүүсүнө барып журналисттер менен маектешти.

Самар кызы Зыйнат бул тууралуу  кеңири маалымат берди:

“Журналистик кесип менин бала кезимден берки кыялым, максатым десем болот. Максатыма жетүү үчүн  бардык аракетимди жумшадым.  Мектепте ар кандай иш-чараларга активдүү катыштым. Райондук же болбосо ар кандай сынактарга катышып, өзүмдү көп нерсеге тарбияладым.  Андан тышкары “Суусамыр FM” радиосунда 3 жыл иштедим. Бул 3 жылдын ичинде так, туура сүйлөөгө, маалымат жазуу сыяктуу журналистиканын көп сырлары менен таанышып, такшалып, көп нерсени үйрөндүм. Радио дагы мага өзүнчө бир мектеп болду, бул жакта иштеп тарбияландым. Кудай буюрса келечекте бирөөнүн куралына айланбаган, маалыматты бейтараптуу чагылдырган, кесипкөй мыкты журналист болууну максат кылам.Мен али максатыма толук түрдө жете элекмин десем болот. Бул үчүн  албетте дагы да талыкпай эмгектенүү, изденүү керек. Буга албетте үйдө жана мектепте, сенин айлана чөйрөндө колдоо болуш керек. Мени үйгө барсам ата-энем, мектепке келсем эже-агайларым, радиодогу кесиптештерим, баардыгы сыймыктануу менен колдоп турушат. Аларга учурдан пайдаланып терең ыраазычылык билдирип, таазим этем.”

Зыйнаттын класс жетекчиси  Байгазиева Чынаркүл  окуучусу жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берди:

“Мен Самар кызы Зыйнатка 5 жылдан бери класс жетекчиси болуп иштеп келе жатам. Бул окуучумдун мүнөзү токтоо, жөнөкөй, кичи пейил, намыскөй, жоопкерчиликтүү, классташтары менен ынтымактуу жана кадыр баркка ээ. Окууларын жакшы окуган өзгөчө тарых, кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыгат. Жакында эле “Акыркы конгуроо” салтанатында эң мыкты окуучу катары конгуроо какты. Бул да өзүнчө жоопкерчиликтүү иш.”

 

Зыйнаттын атасы  Самар кызы тууралуу мындай деди:

“Кызым кичине кезинен эле журналист болуунун самайт. Мектепте да жакшы окуйт. Эже агайларынан ар дайым жакшы сөздөрдү угуп турабыз.  Радиодо дагы иштейт. Биз ар дайым сыймыктанып турабыз.”

 

Даярдаган: Назима Акишбекова.

Түз эфирде муниципалдык ишкана тууралуу элге маалымат берилди

Суусамыр жамааттык радиосунун түз эфиринде Муниципалдык менчик деген эмне жана Суусамыр айылындагы муниципалдык ишкананын иши тууралуу кеңири маек болду.  Continue reading