Monthly Archives: Май 2018

Суусамыр айыл аймагынын кире бериши жасалгаланды

Суусамыр  айылынын кире бериш жерине  айылдын аты жазылган арка коюлду.  Бул арканы Суусамыр орто мектебин  жыйырма жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлѳр тарабынан коюшту. Азыркы учурда арка орнотулуп бүтүп айыл тургундарына колдонууга берилди. 

Continue reading

Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошту

Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май  “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү.  Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү. 

Continue reading

Жергиликтүү бюджет тууралуу түз эфирде маек угулду

28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду. 

Маектин жүрүшүндө жергиликтүү бюджет кайсы булактардан толукталат, дотациялык айыл өкмөтү деген эмне, коомдук угуулар тууралуу кеңири маалымат берилди. Эфирдин коноктору Суусамыр айыл аймагынын башчсы Урмат Отунчиев жана Суусамыр айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Зоодан Асаналиев болду. Андан тышкары, айыл тургундарына “Жергиликтүү бюджет туура сарпталып жатабы?” деген суроо берилип, элдерин ойлору угулду. Буга карата эфирдин коноктору жооп берип, айылдын бюджети ачык-айкын экендигин жана ар бир жаран бул тууралуу маалыматка жете ала тургандыгын баса белгилешти. Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жергиликтүү бюджет 3 жылдан бери кыйла жогорулаганын айтып, дотациядан чыгуунун жолдорун белгиледи.

Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу  тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.

Даярдаган: Анарбек Калдыков

Райондук мугалимдер сынагынан Суусамырлык мугалим 2-орун алды

Жайыл районунда ѳтүлгѳн “Жыл мугалими”сынагынан Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бакаева Асель Садыбакасовна  2-орун алды. Бул сынак Жайыл районундагы бардык мектептердин арасында ѳттү.

Continue reading

Акыл Ордо интеллектуалдык долбоору Суусамырда болуп өттү

19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар  арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан. Continue reading

Жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтүнүн адистеринин ишин укту

Бүгүн 21-майда жергиликтүү кенештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн  адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын угуу жана ар кандай маселелер каралды.

Continue reading

Жергиликтүү кеңештин милдеттери түз эфирде талкууланды

“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.  Continue reading

Таза суу алган кудуктар ачык бойдон калууда

Жайыл районунун  Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп,  жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары  ичинен чака  менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул темага кайрылганбыз,  бирок бул көйгөй айылда маанилүү бойдон калууда.

Бул боюнча биз айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиевге кайрылдык:

“2005-жылы бул ишке берилген.Андан бери 13  жыл өтүп кетти.Колонкалардын абалы бүгүнкү күндө өтө оор.Тилеке каршы бүт кудуктардын бардыгы эскилиги жетип,азыркы учурда авария чоң коопту абалды жаратып жатат.”

Кудуктардын ачык болуусу айыл тургундарын кооптондурат. Бул тууралуу айыл тургуну Жылдыз Абамисилова өз оюн айтты:

“Суулардын үстүн жаап,сыртка чыгарып берсе жакшы болот эле. Кышында тоңуп, тайгаланып түшүп кете жаздайбыз. Жайында да ичи таштандыга толуп  чаң, балыр басып кетет.Ошону карап берсе жакшы болмок.”

Биз айыл өкмөтүнүн башчысына эгерде ачык кудукта кандайдыр бир кырсык болсо ким жооп берет деген сурообузга мындай деп жооп берди:

“Бул жерде ар бир тургун  жоопкерчиликтүү.Чындыгын айтканда ошол жерде кудуктан суу алып жатып жаш балдар ойноп,таш менен чапкылап жатса, бир да ата-эне “ай-кой”деп да коюшпайт.Анан мына люктардын баарынын ооздору ачык,муну сырттан келип эч ким уурдап кеткен жери жок.Жалпысынан ала келсек азыркы күндө 15 колонка толугу менен иштеп жатат.Бул колонкаларды тегеректегилер өздөрү сактап калды,кышында тоңуп калса жакшынакай ысык сууларын куюп, жылытып алып сууларын алышат.”

Ал эми кудуктардын абалына  жана кокустук болуп кеткен учурда жоопкерчиликти  ким моюнуна аларын  айыл тургуну, көп жыл мамлекеттик кызматта иштеген учурда пенсионер Карыбеков Индусбек айтып берди:

“Мыйзам боюнча эгерде олуттуу маселе болсо СООППВнын жоопкерчилигинде  болуш  керек болчу. Бул үчүн  суу алуучуларга айылдык кеңеш тарифти бекитип берип, суу алуучулар  таза суу асоцациясына акча тѳлѳп туруш керек. Ошонун эсебинен ремонт иштерин жүргүзүп туруш керек  эле.”-деди.

Ачык кудуктар көйгөйүн чечүү жолдору тууралуу айыл өкмөт башчысы төмөнкүлөрдү айтты:

“Бул маселени чечүү үчүн быйыл бюджеттен акча карадык, айыл өкмөттүн акчасы жетишсиздик болгондуктан донорлорго кайрылдык. “Ас-сафа” фонду былтыр жардам беребиз дешкен.Тилеке каршы алар ноябрь айында келип, суук түшүп калгандыгына байланыштуу биз оңдоо иштерин жүргүзө албай калганбыз.Быйыл  50 даана кудукту толук кандуу ондошот. “Ас-сафа” фонду тарабынан жана  аны жетектеген Сыргак деген Суусамырлык жигиттин  колдоосу менен быйыл бул ишти аягына чыгабыз деген чоң ишеничтебиз.Эгер ал донорлор болбой кала турган болсо,анда айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен экинчи жарым жылдыктан акча караштырып,толук кандуу оңдоого иш алып барабыз.Мына менин иштегениме 3 жыл болду,бир да сом бир да адам тѳлѳбѳйт. Быйыл биз “Достук”деген ишкананы ачтык.Учурда башкы суу сактагычта эки кароолчуну койдук. Эми оңдоо иштерин “Достук” ишканасы  аркылуу жүргүзүп баштайбыз.Анан акчасын дагы ар бир адам 15 сомдон болобу аны  Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен чечип туруп, элден чогултуп,авариялык абал учураганда ошол  акчадан оңдогонго шарт түзүүдѳбүз.”

Айыл тургундары ачык кудуктардын оӊолушуна кызыктар. Ал эми кудуктар жакында оңолобу оңолбойбу белгисиз. Андыктан чыдамсыздык менен күтө туралык.

 

Даярдаган жана алпарган: Назима Акишбекова, Айтеңир Индусбекова.

Суусамырлык Айдатка Кадыржанова космонавт менен жолукту

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды. 

Continue reading

Эскерүү кече болуп өттү

Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү.  Continue reading