12-декабрда Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ баскетбол боюнча оюн ѳттү. Тагыраак айтканда, С.Мырзакматов мектеби менен К.Конушбаев атындагы орто мектебинин окуучулары таймашышты.Оюн абдан кызуу ѳтүп, окуучулардын кѳңүлүн кѳтѳрдү. Жыйынтыгында Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектеби жеңишке жетишти, алардын эң жакшы даярданганы даана билинип турду.
Баскетбол оюнунунда кѳбүнчѳ 10,11 класстарынын окуучулары катышышты. Оюнчулардын баардыгы тең мыкты ойноп, шамдагайлыктарын кѳргѳзүшүштү. «Спорт бул — ден соолуктун булагы» демекчи бул оюн дагы ден соолукка пайдасы зор.
Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими,машыктыруучу Эмилбек уулу Эрлан оюндун жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
« Ѳрѳѳндүк баскетбол боюнча мелдеш жылда болот. Негизи башында класстар арасынан болот дагы , алардын утканы ѳрѳѳндүк оюнга даярданат. Жеңишке жеткен команда районго жолдомо алышаары күтүлѳт. Даярдактарды дайыма жакшы даярданабыз, бизде дене тарбия сабагы боюнча эки мугалим кызмат аткарабыз. Бүгүнкү оюнда дагы биринчи орунду балдар жана кыздар арасындагы алып отурабыз»-деди команданын машыктыруучусу
Ал эми атаандаштарынан жеңилип калган Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектептин оюнчусу Жекшенов Таштемир ѳз оюн атты:
«Даярдык жакшы болбогондуктан утулуп калдык. Убактыбыз болбой, аз эле машыктык. «Беш кол тең эмес» дегендей күчтүүлѳр утуп кетти»-дейт
Экинчи команданын копитаны Жаркынбек уулу Элдияр кубанычы менен тең бѳлүштү:
«Баскетболго таймашына кѳптѳн бери даярданып жатканбыз, бир айдын жүзү болуп калды. Жумасына эки жолу болуп жатты, 3-5 ге чейин. Ал эми атаандашыбызды уттук, кийинки кезек райондогу оюн. Орун алып келебиз деген ишеничтебиз»-деген оюн билдирди
Эскерте кетсек, Жайыл районундагы боло турчу оюн 14-декбрьда кыздардын таймашы болмокчу. Ал жактагы мелдештен кыздар 3-орунга ээ болушкандыгы маалым болду. Ал эми 15-декабрьда балдар арасындагы оюн алты мектептин ичинен 3-орунга татыктуу болушкан.
Баскетбол бул-беш оюнчудан турган эки команданын арасында ѳтүүчү спорттун бир түрү. Оюнчулар атаандашынын корзинасына топту кол менен ыргытып түшүрүшѳт. Оюн ар кандай кыймылдардын (чуркоо, топту тосуп алуу, ыргытуу) турат жана тактикалык абалдардын тез алмашуусу менен мүнѳздѳлѳт.
Ачыкова Умсунай