« Билими күчтүү миңди жыгат,билеги күчтүү бирди жыгат» демекчи жылдагыдай радиовикторинада билимдүүлѳрдүн таймашы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү 5 орто мектептин билим, илим министрлери ат салышты. « Парламент сүйлѳйт» долбоору 5 этаптан ѳтүп , « Эң мыкты билим, илим министри»наамын Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Амантаева Каныкей жеңип кетти.
Суусамыр радиосунун түз эфиринде ѳтүп, ѳздѳрүнүн иш-пландары менен тааныштырып, суроолорго жооп берип, таланттары менен бѳлүшүштү. Былтыркыдан быйылкы иш пландарынан кандайдыр бир ѳзгѳрүштѳр бар экени ачык эле байкалып турду. Себеби былтыр “ Парламент сүйлѳйт” таймашынан кѳптѳгѳн кемчиликтер болгондуктан, алар кайталанган жок. Суроолордон жакшы жооп бере албай, логикалык суроолордон аксап калгандар болду. Ал эми “Талантым бар” тапшырмасында ѳздѳрүнүн ырлары, монологу,манас айтуу, комуз чертүү ж.б. шыктары менен бѳлүшүштү.
Түркмѳн орто мектебинин катышуучусу Сталбек кызы Рима сынактын алдында толкунданып атканын айтты:
« Мен бул «Парламент сүйлѳйт» долбооруна бир жума аралыгында даярдык кѳрдүм. Азыр толкунданып, коркуп атам. Мени бул жака мектептин президенти Бакыт кызы Жибек колдоп келди»-дейт.
Сынак эң жогорку деңгээлде ѳтүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды. Радиовикторина 2 жарым саатка созулуп, ортосунда бир музыкалык тыныгуу менен коштолду. Долбоордун катышуучуларын мектептин окуу тарбия боюнча директордун орун басары, ата-энелер, окуучулар коштоп келишти.Коштоочулар радионун сыртында чыдамсыздык менен тыңдап отурушту.
Кожомкул айлынын С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучусу Жеңишбек кызы Айжан классташы Амантаева Каныкейди колдоп келгенин билдирди:
«Бул сынак ѳтѳ жогорку деңгээлде ѳтѳт деп ойлойм, анткени бул жакта акылдуулардын акылдуусу, билимдүүсү таймашып жатышат. Ал эми ѳзүмдүн мектебимен келген билим министри Каныкейге жеңиш калайм»- деп жообун узатты.
Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин тарбия завучу Койчукеева Назима буларга токтолду:
«Бул долбоор башталгандан бери окуучуларга жакшы таасирин тийгизди, себеби иш кагаздарынан кѳп кемчиликтери кетип жатты алардын баардыгын тууралап, кагаз жүзүндѳ кѳрсѳтүшүп, ѳздѳрү иштеп, алдыга умтулуп жатышты. Окуучулар мугалимдерине кайрылып, билбеген нерселерин сурап, жакшы жыйынтык берип жатышат. Кандай иш-чара болбосун кагаз бетине түшүрүп, иш план папкасына салып, иштеп калышты. Алдыга жылуу бар»-дейт.
Жыйынтыгында С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин билим, илим министри 1-орун, И.Бегимкулов атындагы орто мектеби 2-орун, Түркмѳн атындагы орто мектебинин билим министри 3-орунга ээ болушту.
2-орунду алган 9-классында окуган Чыңгызбек кызы Айзирек буларга токтолду:
« Бул сынакка даярданганыма бир айдын жүзү болду, эмгегим текке кетпей 2-орунду алып отурам. Долбоорго даярданганыма жол кѳрсѳткѳн мугалимдериме ыраазычылык билдирем. Ал эми мени колдоп келген атам жана классташтарым болду.»
Белгилей кетсек, бул иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты , Суусамыр айылынын туруктуу демѳѳрчүсү Конушбаев Тынчтык тарабынын жүргүзүлүп жатат. Окуу жылы аяктаганда жеңүүчүлѳрдү Жогорку Кеңешке алып бараары күтүлѳт.
Ал эми ар бир айдын онунда боло турчу бул таймаш эмки 20-декабрда примьер-министрлер сынагы ѳтѳт.
Даярдаган: Умсунай Ачыкова