Monthly Archives: Сентябрь 2016

Жаштар каржылык жактан сабаттуу болууга умтулушат

Бүгүнкү күндө ар бир жаш жаран өз алдынча аракет кылып, акча табууга кызыкдар. Көпчүлүк жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жайга ээ болуу, билим алуу учун акча төлөө кыйынчылыктарды туудурат. Замандын талабына ылайык жаштар учурда каржылык жактан сабаттуу болууга кызыкдар.

Суусамыр айылынын тургуну Асель Жусупбекова турмушка чыкканына 3 жыл болду. Жолдошу экөөнүн бир баласы бар. Асель жана жолдошу айылдык ооруканада эмгектенишет. Алардын үй-бүлөлүк бюджети айлык маяна менен толукталат. 2015-жылы алар 3 бөлмөлүү үй сатып алышкан. Үй сатып алууда Аселдин үй-бүлөсү каржы маселесин кантип чечкендигин мындайча бөлүштү:

img_20160915_171319   Continue reading

Айылдарда каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керек

Кыргызстанда учурда насыя алып үй салып, унаа алып, той өткөрүп жана аны башка керектөө муктаждыгына жумшаган жарандар көп. Бирок насыя алуу ар кандай кыйынчылыктар менен коштолбош үчүн калктын каржылык сабатын жоюу учурдун актуалдуу талабы болуп турганын адистер белгилешүүдө.

com

Continue reading

Ишкер мырза Элчибек

Суусамыр айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан өндүрүш  жокко эсе. Айыл тургундары керектүү курулуш материалдарын  Карабалта шаарынан ташып келүүгө  мажбур болушкан. Төө Ашуу ашуусунан жүк ташуучу унаа менен алып келүү кыйынчылыктарды жаратып келген. Жергиликтүү ишкер мырза Элчибек Аманкулов пескоблок чыгаруучу жай ачкандан бери, айыл тургундары курулуш материалын Суусамыр айылынан алып калышты. Жыл өткөн сайын мындай ишкерлердин көп болуусу алыскы айылда жашаган адамдар үчүн ынгайлуу болууда. Ишкердүүлүгү тууралуу Элчибек мырза буларга токтолду:

img_20160907_164618 Continue reading