Category Archives: гендердик тенчилик

Нике күбөлүктүн үй-бүлөнүн бекемделүүсүндө мааниси чоң

Мамлекеттик каттоо борборунун маалыматына таянсак өткөн жылы өлкө боюнча дээрлик 50 миң нике катталган. Тилекке каршы, алардын ичинен 11 миң үй-бүлө ажырашкан. Бул сандык көрсөткүчтөр, мыйзамдуу түрдө никеге туруп, мыйзамдуу ажырашкандар тууралуу. Бирок биз билбеген, шарият жолу менен нике кыйдырып, нике күбөлүгүн албай, үй-бүлө катары жашаган жарандар миңдеп саналат. Мындай үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүк, шек саноо, ишенбестик жана башка көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

      1. Суусамыр_фм Нике куболугунун мааниси чон

“Данэль” коомдук уюмунун төрайымы Токтошева Айнура Майрамбековна, 5 жыл Жогорку сотто эмгектенген. Ал нике күбөлүгү жубайлардын жашоосунда маанилүү экендигин, көп учурда маселе чечүүдө кереги тийээрин айтты:

Continue reading

Аталар да алимент алууга укуктуу

Эксперттер бүгүнкү күндө эркектерге карата да тенсиздик коомдо бар экенин билдирип келишет. Биз айтып жаткан алимент маселесинде дагы бала энеси менен калган учурда алимент өндүрүлгөн учурлар басымдуу болуп, бирок баланы атасы багып калган учурда аялы алимент төлөгөн учурлар дээрлик жокко эсе.

      Аталар да алимент алууга укуктуу, сюжет Суусамыр фм

Continue reading

Аталар да бала багуу үчүн декреттик өргүүгө чыкса болот

Кыргызстанда бала багуу үчүн декреттик өргүүгө аталар да чыга алат, бирок айлык акысы сакталбайт. Серепчилердин маалыматында өлкөдө 90% аталар бала багуу үчүн декреттик өргүүгө каалоолору бар экендигин билдиришкен.

      Аталар да декреттик оргууго чыга алат

Бириккен Улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) ар кайсы өлкө бийликтерине, үй-бүлөөлүк кызыкчылыктарды камтыган улуттук стратегияларды, анын ичинде эне жана атанын бала багуу үчүн акылуу өргүүсүн көзөмөлдөөгө чакырган.


Самат Аргымбаев, айыл тургуну
“Бул тууралуу билчимин, бирок биздин өлкөдө колдонулабы билбейм. Бирок эми азыр 21-кылым, бардык нерсе мүмкүн. Менин чыгайын деген оюм жок.”


Койсун Бейшенбаева
“Так маалыматым жок, бирок бар экендигин уккам. Көз карашым түз жана муну жандандырып, ишке ашырса деп ойлойм.»


Бакыт Ажыгулов, айыл тургуну
“Эркек киши шартка байланыштуу декретке чыгам десе аны алууга толук укугу бар. Муктаж болсо алганга көз карашым түз эле.”

“Жок бул боюнча маалыматым жок экен. Бирок бала экөөнө тең таандык болгондуктан чыкса болот го.” Минара Шайлообекова

Бул Суусамыр айыл тургундарынан алынган сурамжылоо.Мыйзам боюнча мүмкүнчүлүк бар экенине карабастан, Кыргызстанда эркектер декреттик өргүүгө дээрлик чыкпайт. Сурамылоодо уккандай кээ биринин мындай мыйзамдын бар экендигинен кабары да жок, себеби айрым мекемелер кызматкерлерине баланы багууга байланыштуу эмгек өргүү тууралуу маалымат бербейт.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева эркектерди мыйзамды туура түшүнүп, аны колдонууну сунуштайт:

“Мыйзамды колдонгон бирин-серин гана малекет кызматкерлерин байкадым. Мунун себеби эркектер, аялдын ролун аткарып каласың дегенден уялышат. Мыйзамдын мазмуну өтө жакшы, өз балаңа өзүң тарбия берип, жанында бол дегендик. Эркектер мыйзамдын маңызын жана үй-бүлөөнүн маанисин түшүнүп, уялбастан мыйзамды колдонусу керек.”

Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 137-беренесинде бала багуу үчүн декреттик өргүүнү эне жана ата гана эмес, чоң ата, чоң эне жана баланы кароого милдеттенме алган ар бир жаран алууга укуктуу экендиги жазылган. Гендердик эксперт Бакен Досалиева айтылып жаткан маселе тууралуу көрүнүштөргө токтолуп, мыйзамды колдоорун билдирди:


“Мыйзамды билип туруп декреттик өргүү албаган аталар балким намыстанаттыр, бирок бул намыс эмес. Балага эненин мээрим эле эмес атанын да тарбиясы керек. Мисал катары, мамлекеттик салык кызматында иштеген жигит, аялы эл аралык уюмда иштегендиктен, баласын карап отуруп калды. Анткени аялынын алган маянасы алардын ипотекасын төлөөгө жетиштүү болчу.”

Айта кетчү нерсе жубайлардын экөө тең мамлекеттик кызматкер болсо, эмгек өргүүгө атасы чыккан учурда апасына мындай мүмкүнчүлүк берилбейт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы

Туура эмес тарбиянын кеспети жаман

Мамлекет үй-бүлөөдөн куралат. Мамлекеттин күчтүү болуусу да мына ошол үй-бүлөөдөн, анын ичиндеги тарбиядан көз каранды. Тарбия берүүдө үй-бүлөө мүчөлөрүнө карата ар кандай гендердик өзгөчөлүктөр калыптанып, эркек деген күчтүү болот, ал үйдүн кожоюну же кыз деген назик болуусу керек, бирөөнүн келини болот деген сыяктуу бир катар таңуулоо менен тарбия берилип келет.

      Кыз, жана уул балдарды тарбиялоодогу озгочолуктор, Суусамыр_ФМ

“Мени ата-энем ар кандай көнүмүш болуп калган адаттар менен эмес, эркин өстүрүштү. Мен үйлөрдү жыйнаштырып, сыртка чыгып малды тейлеп коюп, залга машыгууга кетчүүмүн. Баскетбол, волейбол ойнойм, андан мурдараак эркин күрөш менен машыгып күрөшкө чыкчуумун. Уйдөгүлөр кыз деген жоош, кылыктуу болот, машыгууларды ташта деп эч качан айтышкан эмес.”
Кылым Намазбекова азыркы тапта жогорку окуу жайда билим алат. Мектепти аяктагандан кийин дене тарбия академиясына тапшырайын деген ойлору болгон.

Continue reading

Кыздар да мураскер болуу укугуна ээ

 

Бүгүн биз эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт деген темага токтолобуз.
Алгач, эмне үчүн ата-энеден кыз балага мурас калбайт ? — ушул суроого айыл тургундарынын жоопторун уксак:

1. “Илгерки ата бабадан берки келе жаткан салт, мурас эркек балага калат. Кыз бала турмушка чыгып кетет, а эркек бала үйдө ата-энени багат. Мен балдарыма мураска калтырам.”
2. “Менин оюмча ата-эне мурасты кыз балага карабай, тең бөлүп бериш керек”
3. “Ата-эненин мал мүлкү эркек балага калыш керек деп ойлойм.”
4. “Кыз бала деле мураскер болсо болот. Мисалы менин эжеме ата-энем мурас катары үй белек кылышкан.”

      Суусамыр фм__мурас сюжет! 2

Мыйзам кыз балага жана эркек балага бирдей мураскер болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, ага карабай калк арасында кыз баланы бөлөк үй-бүлөө катары көргөндөр да четтен чыгат. Бирок, жогорудагы сурамжылоодогу жооптордун айрымдарын төмөндөгү каарманыбыз төгүндөөрү бышык.
«Мен турмушка чыккандан кийин, ар кандай себептерден кыйынчылыктар көп болду. Жалгыз бой келин катары, өз жеке ишимди баштоодо, жашоомду андан ары улантууда оор болду.»

Continue reading

Эмне үчүн айымдар декларация толтурбайт

Алдыда Кыргызстандагы көпчүлүк айымдар эмне үчүн декларация толтурбайт?-деген суроо алкагында даярдалган сюжетке көнүлүңздү бурабыз.

      Аялдар эмне учун декларация толтурбайт, Суусамыр фм

«Менде декларация жөнүндө түшүнүк  деле жок, толтуруп көргөн эмесмин. Себеби биздин үй бүлөөнүн  мүлктөрү бардыгы жолдошума катталган. Биздин  үйдө жолдошум киреше алып келүүчү, жана мен ага ишенем.»

Бул   Суусамыр айылынын тургуну Элнура Адылбек кызы. Ал башка кээ бир келиндерсыяктуу эле бирдиктүү салык декларациясын толтурбайт. Өлкөдө мындай учурлар аз эмес. Буга көбүнчө келиндер күйөөсүнө ишенээрин  же үй бүлөөнү эркек башкарыш керек деген жооп айтышат.

Continue reading

Айыл өкмөттөрдүн тең укуктуулукту жүзөгө ашыруудагы мааниси

Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жанаалардын  тең жана ажырагыс укуктары эркиндиктин,  адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп саналат. Адам укуктарын  этибарга  албоо жана жек көрүү адамзаттын абийиринжийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин билебиз. Адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чы-гууга  аргасыз  болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу анын ичинде эреюкектардин жана аялдардын мыйзам күчүменен корголушу зарыл экендигин көңүлгө алышыбыз керек.

      Аялдардын жана эркектердин укуктарын ишке ашырууда айыл окмоттордун орду Суусамыр фм

Continue reading

Эрте нике куруу эне жана бала үчүн ден соолукка зыян

Кыргызстанда эрте турмушка чыгуунун саны өсүп,  соңку жылдары эрте төрөттөр көбөйдү. Булар үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, зомбулукка, ажырашууга алып келет дешет адистер.

      Эрте турмушка чыгуу Суусамыр фм

Жашы жетелектерден тарта он сегиз, он тогуз жашта турмушка чыгуу эрте деп эсептелет. Бул курактагылардан төрөлгөн балдардын санына жараша эрте турмуш куруу көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Бул Кыргызстан үчүн  чоң маселелердин бири. Тиешелүү пайыздык катыш менен алсак, 2008-жылы эрте төрөгөндөрдүн саны 1000 аялга 62,7 пайыз туура келчү. 2015-жылы бул 92,5 пайыз болуп жатат. Бул 18-19 жашта турмушка чыгып, балалуу болгондор. Ал эми 15-17 жаш арасындагылар жети пайызга өсүп жатат. Суусамыр өрөөнүндөгү абалды билүү макстында Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгартка кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык:

Continue reading

Аялдарга карата зордук-зомбулук

25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк акция башталып, Суусамыр өрөөнүндө элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана үй-бүлөодөгү кыз-келиндердин орду тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.

      Аялдарга карата зордук-зомбулук Суусамыр фм

Негизинен Кыргызстанда жылына 12 миңден ашуун адам үй бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандардын 95% аялдар. Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн аялдар миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат.Канчалык иштер жасалып, аракет кылынган менен, мунун тамыры өтө терең болгондуктан көйгөй чечилбей келет. Маселе тууралуу “Аялдарды коргоо” борборунун директору Бакен Досалиеванын оюн уктук:

Continue reading

Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы 16күндүк акция

16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулкка каршы күрөшүү компаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.

 

Continue reading