Category Archives: мыкты макала

Элеттик айымдардын түйшүгү

Айыл жергесинде жашаган аялдардын түйшүгү түмөн таң азандан туруп уй саап мал карагандан баштап үй ичиндеги майда жумуштарга чейин алардын мойнунда. Бул себептен элеттик айымдардын окуп билим алууга  саясатка аралашууга  өзүн-өзү өнүктүрүүгө жада калса       эс алууга дагы мүмкүнчүлүктөрү болбойт.  Кээ бир айымдар турмуштун айынан көздөгөнүнө жете албай калса айрымдарын аялдар үйдө гана отуруш  керек” – деген түшүнүк  жипсиз байлап алган. Continue reading

Суусамырдагы малдардын саламаттыгы Сагынбектин колунда

Акыркы 5 жыл аралыгында кыргызстанда  мал-чарбачылыгына алардын саламаттыгына көбүрөөк конул бурула баштады. Бул иш-чара Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБ уюмуна кошулгандан баштап, колго алынды.                     Мейманкулов Сагынбек Суусамыр айылынын тургуну, жаш ветеринар. Окуусун бүтүп келгенден бери Суусамырдагы ветеринардык адистигин моюнга алган. Кадимкидей эле адамды карагандай, малдарга “капельница” коюп, тууттан кыйналган  малдарды “кесерования” кылып, тургундарга жардам берет. Анын айтымында “адамга караганда малды дарылаган кыйын”, “мал ооруса бул жерим ооруп жатат деп айта албайт”- дейт. Continue reading

Суусамырдын студенттеринен пайдалуу тренинг

23-апрель күнү Суусамыр айылынын 2017-2018-окуу жылдын студенттери атайын бүтүрүүчү чоӊ класстар үчүн кызыктуу, пайдалуу тренинг ѳтүп кетишти. Тренинге 5 мектептин студенттери келип, 5 студент азыркы учурда ѳздѳрү окуп жаткан университеттердин  артыкчылыктарын, факультеттердин бѳлүнүшүн жана башка ушул сыяктуу суроолорго кененирээк жооп беришти. Андан тышкары Кожомкул айылынын мугалими «Акыл Ордо» реалити долбоорунун негиздѳѳчүсү Аида Медетбек кызы окуучуларга мотивация берүүчү тренинг ѳттү.

Continue reading

Адам саттуу

Ѳткѳн доордо, биздин заманга чейинки 4-5 миңинчи жылдар аралыгында, адамды товар катары сатуу кул кылып пайдалануу кадимкидей кѳрүнүш катары кабыл алынчу. Бул кѳрүнүш  ошол кездеги доордун талабына жооп берген. Мына ушундай практика азыркы учурда да колдонулуп келет, бирок  мындай абал азыркы коомдун талабына жараша башкача форма аркылуу иш жүзүнѳ ашууда. Мисалга алып карап кѳрсѳк кыз-келиндерди жумуш беребиз деп алдап, сексуалдык кул катары  пайдаланышат. Логикалык жактан алганда,  биздин учурдагы ѳнүккѳн адам укугу улам чыңдалып жаткан коомдо, мындай кѳрүнүш болбош керек эле. Тилеке каршы Кыргызстандык  кыз-келиндер  чет элде жакшы жумуш сунуштамыш болгон шылуундардын курмандыгына айланып,  кул катары башка чет элге сатылып жатышат. Continue reading

Суусамыр айылында жашоочулар спорт аянтын курушат.

Суусамыр айылынын Боронбай Чылпаков көчөсүнүн тургундары чогулуп, өз көчөсүнүн  аягына спорттук аянт курушат. Ал спорт талаасына балдар аянтчасы, волейбол, футбол оюндарына шарттар түзүлөт.Кооздук үчүн тегерегине бактар тигилет. Бул тууралуу көчө башчысы Касымалиев Бекматжан билдирди: Continue reading

Суусамырда аял-эркек жумушу эрөөнгө алынбайт.

Кыргызстанда акыркы жылдары гендердик теңичилик жөнүндө түшүнүктөр байма бай айтылып, аял менен эркектердин тен укуктуулук маселери көтөрүлө баштады. Бул үчүн акыркы он жыл аралыгында көптөгөн  иштер жасалды. Мурда кызга сеп камдап аял киши автоунаа башкарганы коомдо жат көрүнүш катары бааланчу. Учурда мындай көрүнүштөр көнүмүш нерсеге айланды. Бул дагы болсо гендердик теңчиликтин бир учугу десек болот.

Continue reading

Суусамырда жергиликтүү кеңеште аялдар жок

Учурда Кыргызстандын саясий айдыңындагы көйгөйлүү маселелердин бири болуп, саясатта аялдардын аздыгы болуп турат. Буга чейин Кыргызстандын жаңы  тарыхында биринчи жолу аялга мамлекетти башкаруу ишеними берилгенде, өлкөдө гендердик маселе бир кыйла оң жагына чечилгендей болгон.

Continue reading

Суусамыр фм радиосунда кайрадан таймаш…

Суусамыр фм радиосунда болчу «Парламент сүйлѳйт» таймашы 21-февралда болуп ѳттү. Мурдагы макалабызда жазгандай бул таймаш 5 мектептер арасында болчу таймаш. Ал ар бир айда мектептин министрлери куч сынашат.  Анын ичинен 4-айлампанын спорт жана ден соолук министрлери таймашышты.

Continue reading

Суусамырлык окуучулар жогорку кеңешке барышат.

Суусамыр өрөөнүндөгү мектеп окуучулары жай айларында жогорку кеңешке барып депутаттар менен жолугушуу өткөрөт.Бул тууралуу Суусамыр фм радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова билдирди. Анын айтымында бул жолугушуу алгачкы жолу эмес, буга чейин да мындай жолугушулар болгон.  Бул саамалык Суусамыр фм радиосундагы “Парламент сүйлөйт” долбоору аркылуу ишке ашууда.  Мындан 3 жыл мурун Айзада Калканбекова “Парламент сүйлөйт” аттуу долбоор жазып Суусамырлык депутат Тынчтык Конушбаев демөөрчү болгон. Аталган долбоор  мектеп парламентин өнүктүрүп, окуучулардын аң-сезимин  жана билимин көтөрүү максатын көздөйт.Тынчтык Конушбаев окуучуларга стимул катары радиовикторинанын жеңүүчүлөрүн жогорку кеңештин депутаттары менен жолугушуу өткөрүү демилгесин да колго алган.  Бул жолу  “Парламент сүйлөйт” таймашы 3-айлампасын өткөрдү. Тагыраак айтканда “Парламент сүйлөйт” сынагына быйыл үч жыл болот. Быйылкы жылдын эсебинен биринчилерден болуп  өтүп жаткан таймашта 5 мектептин премьер министрлери күч сынашты.

Радиовикторинада адаттагыдай эле иш-план, өзүн-өзү тааныштыруу, үч суроо биринчиси сабактардан алынган суроо, логикалык суроо, аткарган иши тууралуу суроолор жана ошондой эле мен президент болсом, талантым бар сыяктуу тапшырмалар берилди. Программа үч саатка созулуп жыйынтыгында Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин окуучусу, премьер министри, Акишбек кызы Назима биринчи орунду багындырды.“Таймашка 2 айдан бери даярдандым. Тайэжем Байгазиева Чынара ушул ийгилигиме салымы чоң десем жаңылышпайм, учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем. Дегеле мектептин мугалим жамаатына ырахмат. Таймаш калыс өтүп, ийгилик мага жылмайды. Азыр толкунданып, кубанычым коюнума батпай турам ”,- дейт.

Continue reading

Суусамыр айылында жаңы ыкмадагы интернет коюлду.

Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.

Интернетти жеткирүүчү түзүмдөр, чубалгылары, тартылып бүттү.  Суусамырдагы интернет чубалгылары демейдегиден өзгөчө. Айнек өткөргүчтөн туруп “опто волокно” деп аталат. Зым өткөргүчтөн айырмасы, интернетти нур аркылуу өткөрүп, ылдамдык жогорку деңгээлде болот. Долбоор эл аралык ISOC уюму тарабынан колдоого алынган. “Бул практика дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат, ал эми Кыргызстандагы айылдар арасында Суусамырда биринчи коюлуп жатат”,- дейт ISOC уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Талант Султанов. Continue reading