Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы 16күндүк акция

16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулкка каршы күрөшүү компаниясынын алкагында эки күндүк иш-чара өткөрүлдү.

 

Continue reading

Орундалган кыял-жаркын келечек

Заман өнүккөн сайын ар түрдүү кесиптин да түрлөрү көбөйө баштады. Бүгүнкү күндө коомчулукта, аялга же эркекке гана тиешелүү кесип деген стереотиптер калыптанып калган. Дал ушундай стереотиптердин айынан уул баланын өзүнө жаккан кесибин тандоосунда көпчүлүк ата-энелер ал аялдын кесиби, кыздын жумушу деп каршы чыгып, баланын келечегине бут тоскон жагдайлар катталат. Мисалга алсак, модель болуу, дизайнер, чач тарач, тикмечи ж.б. Баланы колдоонун ордуна жада калса айылда калып мал чарбачылык менен алектен деген шарт койгон учурлар аз эмес. Жыйынтыгында бала ата-энесинин сөзүн угуп, өзүнө жакпаган кесиптин ээси болуп, же таптакыр кесипке ээ болбой калышы мүмкүн. Алардын кыял-максаты ошол бойдон кала берет.
Каарманыбыз Алмазбек Бийсеев Суусамыр өрөөнүндө, үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунда тиш дарыгери кызматын алып барат. Бала кезинде кыялданган кесиптин ээси болуп, бүгүн мынтип кесибин суйүп иштейт:

Continue reading

Аялдар озгортууну алып келет

Суусамыр айылында аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу үчүн тренинг болуп өттү. Иш чараны Кыргызстан лидер улуттук түйүнү өткөрдү.

Continue reading

Суусамыр өрөөнү өнүгүү жолунда

Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылында жол чырактары орнотулду.

Continue reading

Суусамыр тургундары жергиликтүү бюджет тууралуу ачык маалымат ала алышат

Суусамыр FM радиосунда Суусамыр айыл өкмөтүнүн быйылкы жылдагы бюджети жана жергиликтүү кеңештин 3 жылдык аткарган иштери тууралуу маек болду.

 

Continue reading

Айылды өнүктүрүүдө жаштардын ролу чоң

Азыркы күндө айыл жерин билим, маданият жана жаңы заманбап көз караш менен өнүктүрүү өтө зарыл. Бул үчүн албетте активдүү, идеяга бай, жоопкерчиликтүү жаштар керек болот. Ушундай маселени чечүү же аймактардын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн Суусамыр жаштарынан түзүлгөн «Жаштарга көмөк фонду» деп аталган атайын фонд бар. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү Медетбек кызы Аида, Джаныбеков Бекжан жана Толтоев Бектурсун «Суусамыр FM» студиясында түз эфирде айтып беришти.

Continue reading

Суусамырда депутаттыка талапкер айымдар даяр

Суусамыр өрөөнүнүн депутаттарына жана айылдын активдүү тургундарына (айымдар, мырзалар) гендердик теңчилик, зордук-зомбулукту алдын алуу туурасында семинар өткөрүлдү.

Continue reading

Согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловко 100 жыл

Суусамыр өрөөнүндө 8-ноябрда СССРдин эл агартуусунун отличниги, согуштун жана эмгектин ардагери Иманжан Бегимкуловдун 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Continue reading

Суусамырда активдүү жаштар аздык кылат

Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңеште же болбосо мамлекеттик органдарда иштеген жаштар аздык кылат. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы Зоодан Асаналиев: “Мунун бирден бир себеби, жаштардын көбү шаар жеринде иш кылышат. Айылга келе турган болсо, аларга жумуш орундарын түзүп берүү керек”-, деген ойдо.  Муну менен катар ал азыркы учурдагы жергиликтүү кеңештеги жаш деп аталаган депутаттар активдүү, маселе чечүүдө орду чоң деп эсептейт.

Continue reading

Мыйзам кабыл алынды, мындан аркы аялдардын кадамы

Суусамыр  FM радиосунда Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан каржыланып жаткан “Демократия сааты” добоорунун алкагында “Аялдардын депутаттыктагы орду, алардын мындан аркы кадамдары” туурасында талкуу болду.

Continue reading