Подкаст: Жаш балдарга карата каада-салттар

«Таберик» подкастынын 6- чыгарылышы «Жаш балдарага карата каада-салттар» туурасында даярдалды. Continue reading

Подкаст: Улуттук оюндар

Таберик подкастынын 5- чыгырылышы жарык көрдү.
Ата- бабалардын бизге таберик катары калтырган салт санаасы, үрп адаттары тууралуу подкастта буга чейин кыргыз тойлорун, бата берүү, кыз узатуу, маркумду узатуу салттары тууралуу сөз кылынган. Continue reading

Коронавирус тууралуу жалган маалыматты тааныганды үйрөнүңүз!

Учурда коронавирус тууралуу ар түрдүү маалыматтар көбөйдү. Ал тургай ар бир адамдын телефонуна маалыматтар келип түшкөндө, башкалар менен бөлүшүүгө шашабыз. Бирок, бул туура эмес. Маалыматка ишенүүнүн алдында маалыматты таанып- билүүгө үйрөнүүбүз абзел.

Continue reading

Подкаст: Маркумду узатуу салты

Таберик подкастынын 4- чыгарылышы Маркумду узатуу салтына арналат. Мында ата- бабалардан калган салтта эмне өзгөрүүлөр болду, маркумду узатуудагы чыгымдар жана өзгөрүп бараткан жөрөлгөлөр тууралуу сүйлөшөбүз. Continue reading

Райондогу муктаж адамдарга жардам көрсөтүү уланууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районундагы жана Суусамыр өрөөнүндөгү, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 900 миң сомдук көлөмдөгү азык-түлүк жардамын көрсөттү. Continue reading

Подкаст: «Ата-бабанын салтын эстеп, ойлонууга убакыт келди»

Азыркы учурда ата- бабалардан калган салттардын баары өзгөрүп, ар бир той- аштарда колдонулган жөрөлгөлөр барган сайын аша чапкандык менен ысырапкорчулукка алып келип жаткандай.

«Таберик» аттуу кыргыз тилиндеги аудио-подкасттын 3- чыгарылышында Кыз узатуу салты тууралуу маек болду. Continue reading

Подкаст: «Батага кандай маани берип жатабыз?»

Ата- бабаларыбыз мурда бата берүүгө кандай маани берип келишкенин жана азыр батанын маанисине көңүл буруу канчалык деңгээлде экенин «Таберик» подкастынын 2- чыгарылышында уга аласыз. Continue reading

Суусамыр: Карантин чаралары күчөтүлдү

Суусамыр айыл аймагында коронавирустун алдын- алуу боюнча иштер күчөтүлүп, иш- чаралар аткарыла баштады. Карантин жарыялангандан баштап, Суусамыр айылынын кире бериши тосулуп, айылдагы ыктыярчы жаштар кирип- чыккан жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөсө, бүгүнтөн баштап, Бишкек- Ош жолунан Суусамырга кайрылган бурулушка блок постту коюшту. Эми айылга кирип- чыгуу кыймылы толугу менен токтотулат. Continue reading

Суусамыр: Демөөрчү муктаждарга азык- түлүк таратты

Бүткүл дүйнө боюнча болуп жаткан коронавируска карата карантин болушу ар бир үй- бүлөгө оорчулук абалды алып келүүдө. Жумуштар токтоп, пландаштырылган иш-чаралар өтүлбөй калышы, базарлардын жабылышы, жана соода-сатыкка чектөөлөрдүн киргизилиши ар бир үй- бүлөнүн бюджетине терс таасирин тийгизип жатат. Мындай оорчулукту Суусамыр айылынын жашоочулары да сезе баштады. Азык- түлүктөрдүн баасы жогорулап, айылдык дүкөндөрдө ун, суу май, кумшекер сыяктуу азыктар текчелерде азайгандан азаюуда. Мына ушундай оор абалда эл арасынан чыккан демөөрчүлөр кайрымдуулук кылып, жаштар ыктыярдуулук менен жолго постторду коюп, кезек менен айылга кирген-чыккандарды дыкат иликтеп, өз элине жардамын аябаган да учурлар аз эмес. Continue reading

Нике күбөлүктүн үй-бүлөнүн бекемделүүсүндө мааниси чоң

Мамлекеттик каттоо борборунун маалыматына таянсак өткөн жылы өлкө боюнча дээрлик 50 миң нике катталган. Тилекке каршы, алардын ичинен 11 миң үй-бүлө ажырашкан. Бул сандык көрсөткүчтөр, мыйзамдуу түрдө никеге туруп, мыйзамдуу ажырашкандар тууралуу. Бирок биз билбеген, шарият жолу менен нике кыйдырып, нике күбөлүгүн албай, үй-бүлө катары жашаган жарандар миңдеп саналат. Мындай үй-бүлөлөрдө түшүнбөстүк, шек саноо, ишенбестик жана башка көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

      1. Суусамыр_фм Нике куболугунун мааниси чон

“Данэль” коомдук уюмунун төрайымы Токтошева Айнура Майрамбековна, 5 жыл Жогорку сотто эмгектенген. Ал нике күбөлүгү жубайлардын жашоосунда маанилүү экендигин, көп учурда маселе чечүүдө кереги тийээрин айтты:

Continue reading