Кожомкул айыл башчысынын ишмердүүлүгү

Кыргызстанда Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, элет жериндеги  айыл башчыларынын орду чоң.

Ал эми Кожомкул айылынын айыл башчысы Бакыт Мойдинович жети жылдан ашык убактан бери айыл башчылык кызматты аркалайт. Ал өз кезегинде айылдын маанилүү маселелерин чечип, айыл тургундардын үнүн айыл өкмөткө жеткирет.

Continue reading

Суусамырдын куруту

Даярдаган: Самудинова Толгонай, Акишбекова Назима.

Суусамыр  өрөөнүнө көчмө мобилдик клиника келип кызмат кылууда.

Суусамыр  өрөөнүнө көчмө мобилдик клиника келип кызмат кылууда.

Continue reading

Суусамыр: Экологияга, элге зыян келтирген Кара булак алтын кени

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Урмат Алыпсатаров конокто болуп, эл арасында чоң көйгөй жаратып жаткан Кара Булак алтын кени туурасында маалымат берди. Ал, 9-июнь күнү Кара булак алтын кени чыккан жеринде чогулуш уюштурулганын, жыйынга  Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкандыгын айтты.

Continue reading

Айылдык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кандай иштерди жасайт?

Суусамыр айылдык №7346 шайлоо участкасынын кызматкерлери Кулсариева Чолпон жана аталган участканын төрагасы Таштанбаев Калыбек Суусамыр FM радиосунда, “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып жаткан радиоуктурууда,айылдык шайлоо комиссиясы кандай ишерди жасайт деген суроолорго жооп берди.

Continue reading

Спортзалдын жоктугунан окуучулар машыга алышпайт

Суусамыр ɵрɵɵнүнүн 1-Май айылындагы Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинде спорт аянтчасы салынууда. Бул айылдын мектебинде спорт зал жок, бул себептен окуучулар дене- тарбия сабагын бош ɵткɵрүп калышарын билдиришет.

 

 

Эмне үчүн мектепке спорт зал салынбай калган деген суроого, Карабеков Сатынбай атындагы орто мектебинин мүдүрү Кыялбек Белеков жооп берип кетти:
«Негизи биздин айылда жер титирɵɵ болгондон кийин, Швейцариянын Глоор деген бизнесмен адамынын жеке каражатынын эсебинен салынган. 1993-жылы бүткɵрүлгɵн. Негизи проектиси боюнча спорт зал болушу керек эле, бул жерде учурунда иштеп жаткан мектеп жетекчилигинин күнɵɵсү болуп калган. Биздин мектеп типтүү болуп саналат, типтүү мектеп болгондон кийин сɵзсүз бул жерге спорт зал кошулушу керек.
Спорт зал болушу үчүн мектеп менен спорт зал кошула турган жер дагы бар. Бирок ал жер азыркы учурда китепкана болуп калган. Келечекте спорт зал салууга кɵптɵгɵн аракеттер болуп жатат. Спорт залдын болоору жакынкы убакта деп айта алам. Биздин Жогорку Кенештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев, биздин жердешибиз, спорт
зал боюнча кɵптɵгɵн эмгектерди кылып жатат. Анын айткандарына караганда спорт зал мамлекет тарабынан салынышы керек эле, эгер андай болбой калса анда ɵзүмдүн жеке каражатыман салып берем деп айтып кеткен. Айыл ɵкмɵтүнүн
башчысы Урматбек Шайлообековичтин жана мектеп директору Жайлообек Жапарбековичтин айтуусу боюнча Бегимкулов орто мектебинде быйыл, июнь айынын 10 дорунда башталып калат деген сɵздɵр айтылууда. Бул спорт зал 1-2 жылга созулабы, айтор ошол спорт зал бүтсɵ, жогоруда айтып ɵткɵн депутаттарыбыз, айыл ɵкмɵтү жана мен баш болуп аракет кылып жатабыз. Жакынкы жылдарда биздин окуучуларыбыз стандарттуу жана типтүү спорт залда ойноп калышат. Бизде учурда кичи футболдук аянтчасы салынып жатат. Бул нерсе Суусамыр айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинен салынып жатат. Былтыр октябрь айынан баштап салына баштаган. Азыркы учурда 80-85%ы бүтүп калды. Азыркы учурда үстүнɵ кумдар тɵгүлүп, түстɵлүп жатат. Сеткасы келди, учурда бир бригада 7 киши иштеп жатат. 20-майларда бүтүп калат. 20-майда бүтсɵ, бир жыл мурун бүтүп кеткен окуучулар (1999-жылы) ачылышы катары, 1-июньда «Балдарды коргоо» күнүндɵ, окуучулар арасында деги эле 1-май элинин арасында, таймаш ɵткɵрɵбүз деп жатышат. Азыркы учурда иш кызуу жүрүп жатат.»

Буга чейин мектептин ɵзүнүн кичи аянтчасы бар эле. Азыркы учурда ал аянтчанын ордуна футболдук аянтча салынганына байланыштуу. Ал жер азыр бош эмес. Ошол себептен мектеп окучулары мектептин алдындагы бош жерге кɵнүгүүлɵрдү жасап, мектеп айлана чуркап, дене-тарбия сабагын ɵтүшүүдɵ. Ошондой эле мектепте спорт жаатында эч кандай оюн, таймаш ɵткɵрɵ албай калам деп мектептин спорт сектору Кутман Сардарбеков билдирет:
«Спорт сектору катарында, негизинен спорт зал керек болгондугунан, мен кɵптɵгɵн иш чараларды ɵткɵрɵ албай калып жатам. Мисалы маданият министри, билим министри ар кандай иш чараларды ɵткɵрсɵ, спорт залдын жоктугуна байланыштуу мен кɵптɵгɵн оюндарды ɵткɵрɵ албай калып жатам. Бирок спорт зал жок болсо дагы шахмат, физикалык кɵнүгүү сыяктуу оюндарды ɵткɵрүп жатам. Жакынкы убакта бизге кичи
фуболдук аянтча салынууда, эгер ал бүтсɵ, футбол жана башка оюндарды ɵткɵрɵбүз.»
Мектепте спорт зал жок болсо дагы, спорт аянтчасы салынып жаткандыгы
кɵпчүлүктүн кɵнүлүн кɵтɵрɵт. Андыктан бул спорт аянтчасынын бүтүшүн, мектеп окуучулары чыдамсыздык менен күтүүдɵ.

Мектеп 2 тарап менен алдыга чыгат, биринчиси билим болсо, экинчиси спорт деп билдирет, мектеп окуучусу Амантур Самудинов:
«Спорт залдын жоктугу бир топ эле тоскоолдуктарды жаратып жатат. Негизи мектеп 2 тарап менен алдыга чыгат, биринчиси билим болсо, экинчиси спорт. Биздин мектебибизде спорт залдын жоктугу ɵтɵ ɵкүндүрɵт. Анткени канча деген чыгаан, спортко кызыккан балдар болсо, ɵзүнүн денгээлин спорт менен чектебей, спорт залдын жоктугуна байланыштуу, ɵздɵрүнүн кызыгуусу артта калып жатат деп ойлойм.
Ошондуктан, негизи мектеп статусун алыш үчүн, ар бир мектепте спорт зал болушу тийиш деп ойлойм. Азыркы учурда бизде спорт аянтчасы салынып жаткандыгынан, дене-тарбия сабагын кичинекей бош жерлерде кɵнүгүү жасап эле ɵтүп жатабыз. Мурунку учурда бизде спорт аянтчасы салына электе, биздин атайын кичинекей аянтчабыз бар болчу, ошол жерге машыкчубуз. Эми буюрса спорт аянтчасы бүтсɵ, аянтчабызда дайынданабыз деген терен ишеничим бар. Келечекте спорт зал негизинен, баардык стандартка тɵп келген спорт залды каалайт элем. Себеби, спортзал кандай болушу керек, ал жерде сɵзсүз түрдɵ жуунучу жай болушу
керек. Антпесе, спорт зал салынгандан кийин, жуунучу жай жок болсо
анда оорулар кɵп пайда болот. Эгер спорт зал салынса, мектеп окуучулары спорт
жаатында республикалык денгээлге чейин чыгат деген терен ишеничим
бар.»
Стадион куруучулардын бригадири Мирлан Жээнтаев жакынкы арада бүтɵт деп айтууда:
«Биз сентябрдан баштап иштеп келе жатабыз. Суусамырдын суугу түшкүчɵ иштедик, кайра 1-майдан баштап, жумушубузду баштадык. Жумушубузда эч кандай тоскоолдук деле болбойт, негизги тоскоолдук аба ырайы эле. Баардык материалдар бар. Кыскасы азыр жумуш токтоосуздан жүрүп жатат. Айлык маянам канааттандырат. Негизи
иштегенибизге жараша болот, бат бүтсɵк ошончо айлык алабыз.»

Суусамыр боюнча учурда 2 мектепте спорт зал жок, Бегимкулов орто мектеби жана Карабеков Сатынбай атындагы орто мектеби. Спорт залдын салынуусу окуучулардын санына жараша болот. Долбоор боюнча ɵтүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салына турган спорт зал бул Бегимкулов орто мектебине туура келген, себеби 2 мектептин окуучуларын салыштырганда Карабеков Сатынбай мектебинде 153 окуучу ал эми Бегимкулов орто мектебиники 220 окуучу болгон. Бул жерде окуучулардын кызыкчылыгы биринчи орунда тургандыктан, окуучусу кɵп орто мектепте биринчи салынат.

      Спорт залдын жоктугу

Даярдаган: Толгонай Самудинова

Continue reading

Суусамырда атайын такси кызматкерлеринин уюму бар

Такси кызматкерлери десе эле жумушу жеңил адамдарды элестетебиз. Бирок жөнөкөй эле эл ташуунун аркасында кандай кыйынчылыктар бар экендигин, 20 жылга жакын таксист болуп иштеген, мына ушул Суусамыр жергесиндеги такси кызматкерлеринин атайын уюмунун  башчысы Аралбек Айдарбеков  Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде айтып берди.

Continue reading

Кыздар комитети

Кыргызстандагы орто билим берүү мекмелеринде кыздар комитети түзүлүп, өз ишин жүргүзүп келишет. Барыбызга кыздар кеңеши деген дагы ат менен белгилүү. Кыздар комитетинин негизги максаты өсүп келе жаткан кыз балдарга туура багыт берүү, жүрүм турумдарына көз салуу, тартипке чакыруу болуп эсептелет.

Continue reading

үлүш жер

Кыргызстан Советтер Союзунан өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин калкты жер үлүшү менен камсыздоо маселеси көтөрүлгөн натыйжада мамлекет өз карамагындагы жарандарга жерлерди өз алдынча иштетип алууга, жеке менчикке өткөргөн бул иш чара Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 мыйзамы менен күчүнө киргизилген. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерди пайдалануу укуктарынын пайда болуу негиздерин жана ушул укуктарды ишке ашыруунун жана аны токтотуунун тартибин жана аларды каттоону жөнгө салат, ошондой эле жерге болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчиктин шарттарындагы жер-рынок мамилелерин түзүүгө жана жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган.Андан бери Кыргыз Республикасынын жарандары ошол менчике алган жерлерин иштетип келишет. Жер үлүшү үй-бүлөдө канча адам болсо ар бирине белгиленген өлчөмдө бөлүнүп берилген. Аял кишиби, эркек кишиби мыйзамда бардыгына бирдей каралган.Бирок кыз бала турмушка чыгып кеткенден кийин үлүш жер ошол үйдүн эркек мураскерине калып аял киши үлүш жерине ээ боло албай калган учурлар жок эмес. Гендердик эксперт Бакен Досалиева белгилегендей азыркы учурга чейин мындай маселе коомчулуктун көз жаздымында калып келүүдө.

Continue reading

Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгы өттү

28-29-30 июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндөгү Каракол жайлоосунда дүйнөгө таанымал Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракеси белгиленди. Мааракеге Сооронбай Жээнбеков баштаган бир нече мамлекет башчылары катышты.

Continue reading